Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Коалициялык өкмөт күнкарама болуп калат»

— Төрөбай мырза, өкмөттүн айланасында жакшы эмес кырдаал түзүлүп калды окшойт. Кандай дейсиз? — Өкмөт бүгүнкү күндө коомчулук, депутаттык комиссия тарабынан көтөрүлүп жаткан маселелерге унчукпай туруп алган жери жок. Реакция жасады. Жетекчилердин бир тобу өз арызы менен кызматынан кетип жатышат. Бажасын Абылгазиев кызматка койгон эмес экен, ошого карабай ал да кетти. Бажасынын уулун да жумуштан алды. Ал эми Өкмөт кетиши же кетпеши боюнча маселени биз бюджеттин аткарылышын караган учурда көтөрүп калышыбыз мүмкүн. Бюджеттин киреше бөлүгү канча, алдыга койгон пландар кандай?.. Негизи эле өкмөттүн ишине баа берүүдө экономикалык көрсөткүчтөр башкы критерий болушу керекда. — Бирок, өкмөт толугу менен көтпөгөн күндө деле ушунчалык ызы-чуудан кийин кээ бир министрлер алмашышы керек го? — Коалициялык Өкмөт өзүңүздөр билесиздер, алсызыраак болот экен. Мындайча айтканда, күнкарама Өкмөт болуп калат. Кайсы бир министрликке коомчулук тарабынан катуу сын пикирлер айтылып, аларды алыш керек болгондо, фракция лидерлери депутаттардын оозун карап кылышат. Себеби, бул орундардын көбү фракцияларга бөлүнүп калган да. Ошондуктан, коалициялык Өкмөт туруктуу иштеши өтө оор болот экен. Башмыйзам боюнча кайсы бир партия көпчүлүк добушка ээ боло албаган болсо, депутаттардын тобу коалицияны түзүп, коалициялык көпчүлүк премьер-министрдин талапкерлигин аныктайт. Программасын, түзүмүн бекитет. Ошондуктан, туруктуу Өкмөт болуш үчүн кайсы бир партия көпчүлүк добушка ээ болуш керек.

Керим МУРАС

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу