Төрага «Сүйүнчү пул 100 миңге чыгат» — дейт…

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков «Азаттыкка» маек берип, журналист Али Токтакуновдун ыңгайсыз суроолоруна аябай эле какады. Айрым учурда чычалап, кызыраңдап, жооп бере албай жүдөдү. Мына ошондогу маектеги бир гана учурду айтсак эле жетиштүү болот. Спикерге бир жылдан кийин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү  бүтөөрү, «Кыргызстан» партиясынын шайлоодо сүйүнчү пул 50 миң сомдон берилет деген убадасы, 13 эсе аз 4 миң сомдон берилип жатканы боюнча суроо кабыргасынан коюлду. Дастан мырза уялбастан туруп: «Ишти баштап койдук, жакынкы жылдары 100 миң сомдон беребиз» — деп балп этти. Элүү миңден бере албай жатып, 100 миңди айтып, шыпыр атыгып эмне кылам десең…

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу