Түркмөнстанда президенттин уулу губернатордун орун басары болду

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнүн уулун Ахал облусунун губернаторунун орун басарлыгына дайындады.

37 жаштагы Сердар Бердымухаммедовдун дайындалганы тууралуу маалымат 2-январда өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Бир жыл мурда өлкө башчысы өзүнүн жалгыз уулун тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындаган. Ахал облусу Иран жана Ооганстан менен чектешет. Борбору Анеу шаары баш калаа Ашхабаддан болгону сегиз чакырым жерде жайгашкан.

Ошону менен катар Сердар Бердымухаммедов парламенттеги депуттаттык ордун да сактап калат. Ал 2016-жылдагы шайлоодо депутат болгон.

Айрым байкоочулар Бердымухаммедов уулун мураскерликке даярдап жатканын айтып жүрүшөт.

61 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстанда бийлик башына 2006-жылы келген. Анын бир уулу жана үч кызы бар.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу