Түлендыбаевдин «оозун» ким пайдаланды?

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Пархат Түлендыбаев: «Борбор калаабыздагы бир жогорку окуу жайга жана Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушун уюштуруу комитетине киргизем» — деп билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка быйыл 4-февралда кол койгон. Бирок эл өкүлү мындай сунуш кимден түшкөнүн айткан жок. Бирок жер-суунун аттарын адам аттарына алмаштыруу туура эмес. Кочкор байыркы аты менен аталышы керек. Усубалиевдин ысымын Бишкектеги 4 райондун бирине ыйгаруу кажет. Өзгөчө 1-май районун Турдакун Усубалиев району кылып өзгөртүү ылайык.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу