Турсунбек Акун: “Бишкек ТЭЦинен уурдагандар 111 млн. долларды кайтарышы керек…”

– Өткөн жылы катуу суукта жаңыдан модернизацияланган Бишкек ТЭЦинде авария орун алды. Анын натыйжасында бир жумадай бишкектиктер суукта калып, ошондон кийин ТЭЦти оңдоодо чоң коррупция болгону ачыкка чыкты. Учурда бул иштин негизинде далай адамдар камалып, сот иштери башталды. Сиздин аталган иш боюнча пикириңиз кандай?

  • Ал иштин баары Сапар Исаковдун мезгилинде башталып, каражаттын баары ошол учурда эле алынып бүткөн. Учурда камакка алынып, жоопко тартылып жаткандарды мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирген деп жатат. Бул сотто далилденсе жооп берип эле тим болбой, уурдаган акчалар кайтарылышы керек. Ал кимдир бирөөнүн атасынан калган акча эмес. Кытайдан келген 386 млн. долларды пайызы менен эл төлөйт. Айрымдар жоопкерчиликтен качуу үчүн президент Сооронбай Жээнбековду да аралаштыргысы келди. Президентти ТЭЦ оңдолуп бүткөндө барганы үчүн алар менен табакташ деп каралаганыбыз туура болбой калат го. Сооронбай Шарипович премьер-министр катары барса баргандыр, бирок ал каражат жагына аралашкан эмес. ТЭЦтин куратору ким болгонун элдин баары жакшы билет.
    – Жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти кандай өткөрүп берсе, партияны да ошондой өткөрүп берерин айтты. Атамбаев бул сөзүндө турабы?
    – Мен деле маалымат каражаттарынан Атамбаевдин айтканын көрдүм. Эмнегедир эфирге чыкканда баягы Атамбаев жок болуп, руху, духу түшкөндөй көрүндү. Канткен менен КСДПнын кадыры бир топ түшүп кетти. Акыркы 6 жылда орун алган коррупциялык иштердин көпчүлүгүндө ушул партиянын саясий кеңешиндеги адамдардын аттары аталууда. Парламенттик шайлоодо деле эл колдоп кетиши кыйын. Эми муну убакыт көрсөтөт.
  • Азыр айрым басылмалар жазында митинг болуп, эл толкуйт деген жоромолдорун жазууда. Учурда нааразылык акцияларына олуттуу себеп барбы?
  • Кыргызстанда бир жаман адат пайда болду. Жазында же күзүндө эл көтөрүлөт деген сөзгө элди ынандырууга аракет кылышат. Эл чыга турган болсо, жазды же күздү күтпөйт. Жылдын 4 мезгилинде, керек болсо кычыраган кышта деле чыга берет. Азыр эл жапырт көтөрүлө турган деле абал жок. Анча-мынча митинг, пикет болгону болбосо, эл бийликке каршы чыга турган кырдаал жок. Анткени, президент элдин талаптарын аткарып, айылдын турмушун оңдоого аракет кылып жатат.
    – Акыркы кездери президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду каралоо күч ала баштады. Бул кишинин айланасында айтылып жаткан сөздөрө ишенесизби?
  • Асылбек Жээнбековду атайын жалданып иштеген топтор каралап, ал тууралуу жөө жомокторду чыгарып, керек болсо кабинетине чейин адамдарды жиберип чагым кылып жатканын көрүп жатабыз. Мындай адамдардын максаты Асылбек Шариповичти элге жек көрсөтүү менен президенттин беделин кетирүү болуп саналат. Аны Жаныш Бакиевге салыштырып, ага теңегиси келгендердин аракети эч качан суу кечпейт деп айтар элем. Мен аны студент кезинен билем. Аны монстрга теңештин кажети жок. Жээнбековдорду Бакиевдерге салыштыргандар терең жаңылат. Булар жеп жутайын дегендерден эмес. Курсактары ток, “элге берели” деген адамдар.
    Ошентсе да Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деген талаптар да айтыла калып жатат. Мандат маселесинде сиздин пикириңиз кандай?
  • Асылбек Жээнбековго мандатты эл берген, аны бир ууч топ тартып ала албайт. Мандатын тапшырсын дегендин артында да тымызын оюндар бар. Буга жол бербеш керек. Ал киши парламенттеги эң тажрыйбалуу депутаттардын бири. Өз орду бар. Спикер болуп Жогорку Кеңешти бир канча жыл башкарды. Артынан бир да жолу жаман сөз ээрчиген жок. Андыктан аны каралоону токтотуш керек.

БУЛАК:racurs.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу