Туйгуналы Абдраимов премьер-министрликти Темир Сариевден тымызын талашып жатабы?

Өткөн жума күнү, 8-февралда Чүй облусунун “губернатору” Туйгуналы Абдраимов президент Сооронбай Жээнбековго кирип чыкканын тар чөйрөдө жарыя кылып, “керек болсо мен Дубайга бийликтегилердин суранычы боюнча баргамын, жакында мага караштуу гезиттерден ачык айтамын ” деп күпүлдөп жатыптыр.

Алабарман, ак көңүл Туй байке, быйыл март айында бизге Путин келсе Россиянын марионеткаларынын бирин премьер-министрликке түртүп, менин жолумду бууп койбосун деп шашып жатат дешет. “Керек болсо Алеша да, Соке да менин досторум, экөөсүн элдештирем” деп чамынып алган. Бирок, былтыр Чүй облсуна губернаторлукка баратып, АША досун ашата сөгүп, жаңы бийликтин тилин таппады беле?

Туй байке менен депутат Канат Исаев Чүй кланынын жаңы комбинацияларын түзүп, ал комбинациялар ишке ашса Туй байке КР премьер-министри болуп калат экен. Эң эле жок дегенде спикер Дастан Жумабековду жыга чаап, Канат Исаев Жогорку Кеңештин спикери кызматын баса жыгылат дешет.

Ошондуктан Путин келип, россиянын айтканын айткандай аткарган Темир Сариевди премьер-министрликке түртө электе биз өз шыбагабызды ээлеп калалы деп бул дуэт жакшы эле аракет кылып жатыптыр.

Аргасыздан 2007-жыл эске түшөт, анда Чүйлүк Феликс Куловго Чүйлүк Алмаз Атамбаев каршы иштеп, Атамбаев Бакиевге улам кошоматтанып кирип жатып, премьер-министрликке жеткен эле. Тарых тез эле кайталанат, кайталанганда да фарс түрүндө кайталанат деген ушул турбайбы.

Чүй саясый кланы “биз Атамбаевди ордуна коёбуз, Чүйдүн элин сизге буруп беребиз” деп бийликке канча убада бергени менен алардын артынан ээрчий турган калдайган калкы жок. Тескерисинче булардын баары Атамбаевге “музоо кезинде сүзүлүп” калгандыктан, эртең эмне болуп кетет деп эки фронтко ойношууда. Анын үстүнө бул комбинация Атамбаевге гана утуш алып келерин бул топ жакшы түшүнө бербесе керек.

Кыскасы, Чүй саясый кланы кийинки премьер-министр же спикер Чүйдөн болушу үчүн аракеттенип жатат. Биз Туй байкеге ийгиликтерди гана каалайбыз!

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу