Токтогулдагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орокбаевдин былыктары…

Токтогул районундагы Тоолук айыл аймагында 2018-жылдын 10-июнунда айыл өкмөтүн шайлоо болуп өтөт, бирок шайлоодон утуп чыккан Сагынбаев Рамистин жогорку билими тууралу берген диплому жасалма болуп чыгып, бир күн иштеп, иштен кетүүгө аргасыз болот. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 10-июлуна кайрадан аталган айыл аймакка айыл өкмөт башчысын шайлоого буйрук чыгарат. Шайлоого 6-гана депутат катышып, алардын добушу менен Орокбаев Нурзамат аттуу жаран айыл өкмөт башчысы болуп шайланат. Эң кызыгы бул айыл аймагыныны Айылдык Кеңешинде 11 депутат боло тура, шайлоого анын алтоосу катышып, калган бешөөсү каршы добуш бермек тургай шайлоого катышпагандары күмөн жаратат. Балким көпчүлүк депутаттар менен алдын ала сүйлөшүү болгонбу?

Анысына деле мейли дейли, шайлоодон утуп чыккан Н. Орокбаев тууралуу кызыктуу жагдайлар келип чыгууда.  Орокбаев Нурзамат эч жерде иштебей эле мыйзам бузуу жолу менен өкмөт башчы болуп шайланды деген маалыматтар айтыла баштады. Ага себеп ал кызматка киришээрдин алдында өзүнүн эмгек жолун тастыктоочу эмгек китепчеси боюнча айыл өкмөт болууга болбоору аныкталууда. Себеби анын эмгек китепчесинде «Калыс Казы» дыйкан чарбасында бир жыл катардагы жумушчу, эки жыл бухгалтер болгонун эшиттик. Мыйзамга ылайык Айыл өкмөт болуу үчүн төмөндөгүдөй талаптарга шайкеш келиши шарт.

Биз маалыматты ырастоо үчүн Тоолук айыл өкмөтүнүн бухгалтери Огонбаева Бактыгүл менен байланышууну эп көрдүк. Анткени эмгек китепченин негизинде айлык акы чегерилет эмеспи, аны менен байланышканыбызда «Мен айыл өкмөт башчысы Орокбаевге эмгек китепчеңди бер, «делону» ырастайлы деп айтканмын. Бирок ал мага эмгек китепчесинин нотариустан «заверитетилген» копиясын алып келип берген. Анда анын «Калыс казы» дыйкан чарбасында бухгалтер болуп иштегендиги тиркелген. ошонун негизинде айлык эсептелип жатат.» — деп жооп берди Огонбаева. Демек бул жерде мыйзам бузуу экени аныктала баштады.

Орокбаевдин бухгалтерге тапшырган эмгек китепчесинин копиясын сунуштайбыз:

Андан соң айыл өкмөттүн  убактылуу жоопту катчысы Тууганбаева Гүлнара менен байланышып эмгек китепчени тактоону туура көрдүк, себеби жоопту катчыда айыл өкмөт кызматкерлеринин делолору сакталат эмеспи. «Анын эмгек китепчесинде «Калыс казы» дыйкан чарбасынын мүчөсү деп жүрөт. Анан ушул күнгө чейин жеке делоңду даярдап, эмгек китепчеңди алып келип тапшыр десем тапшырбай жүрөт. Нотариустан күбөлөндүргөн копиясы гана бар. Кыскасы тастыктоочу документтерин ана-мына деп тапшырбай жүрөт. Бүгүн бизге счетныйдан да келип сурашты эле, өзүнө бул тууралуу айтсам Токтогулга барып дайындап берем деди. Бүгүнкү күндө табел толугу менен кетип жатат, калган айлыгы стажына жараша коюлушу мүмкүн, бухгалтерия эсептеп жаткандыр.» — дейт Тууганбаева.

Бул жерде дагы кызык жагдайлар орун алды. Орокбаев Нурзамат аталган дыйкан чарбада дегеле иштегени күмөн туудурат, себеби Орокбаев Нурзамат акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эместиги маалымдалды. Бул маалыматты Орокбаев Нурзамат мырза менен байланышканыбызда өзү дагы тастыктап берди. Орокбаев Нурзаматтын Кыргыз Республикасынын аймагынан кайсы жылы чыгып, кайра качан кайтып келгенин текшерүү күч түзүмдөрүнө оор деле  эмес.

Биз Орокбаев менен өзүбүз байланышып, дыйкан чарбада иштегенин тастыктоо үчүн көптөгөн суроолор менен кайрылганыбызда кайсалактап так жооп бере алган жок.

Ал 2013 — 14 жылдары бир жылдай Толук айыл өкмөтүндө кассир-бухгалтер болуп иштегенин айтты. 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында «Калыс казы» дыйкан чарбасында жетекчи болуп иштегем дейт. Ушул жерден биз ага бул жылдар аралыгында сиз Кыргызстандан тыш жерде жүрүптүрсүз, анан кантип дыйкан чарбада жетекчи болуп жүрдүңүз деген сурообузга «Эми ал чарбада жумуш деле жок болчу, аты бар, заты жок чарба эле, ошон үчүн сыртта иштеп жүргөм» дейт. Кызык мындай жеке дыйкан чарбалар ай сайынбы же квартал сайынбы отчет берип турушу керектелет, бул жагы кандай болуп калды ошондо? Керек болсо аталган дыйкан чарбанын толук дарегин, өзүнөн кийинки келген жетекчинин аты жөнүн жана отчет берип жүргөн салык кызматы менен соцфонддун даректерин айтып бере алган жок. Уялбай туруп ар-бир сөзүнөн кармалып жатты. Анткени ал бул дыйкан чарбаны «биз өзүбүз үч-төрт бала болуп түзүп, мен жетекчиси катары тиркелгенмин, ал эми жумушубуз комбайндарды иштетүү болчу» дейт. Демек бул дыйкан чарбаны өздөрү түзүп жатат дагы, сизден кийин ким жетекчи болуп келди, анын аты-жөнү ким десек, «билбейм бир байке болчу, мен кетип калгам» дейт. Ошондо өзү түзгөн чарбасына ким жетекчи болгонун, отчет берген мекемелердин жайгашкан жерлерин билбеген бул кандай эргул?

Кыскасы, бул эргулдун айыл өкмөт болуп олтурууга кесиптик дагы, моралдык дагы, укугу жок экени тастыкталып жатат. Бул боюнча БШКнын Токтогул райондук өкүлү текшерүүгө алып жана мыйзамсыз документтердин негизинде бул кызматка келип калганы боюнча прокуратура иш козгоп, тиешелүү түрдө мыйзам жоопкерчилигине тартуусу керек. Анткени жалган айтып, алдоо жолу менен келген жетекчи эл мүдөөсүн коргоп жарытпайт…

Булак: «Чындык» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу