ТЕРГӨӨЧҮЛӨР КҮБӨДӨН ШЫКМАМАТОВГО КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮНҮ ӨТҮНҮШКӨН

Биринчи Май райондук сотунда ,үгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анда  “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел көрсөтмө берди. Ал тергөөчү Бараканов кысым көрсөтүп, Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө берүүгө үндөгөнүн билдирди.

“Бул иште кылмыш жок, алар болгону Шыкмаматовду камагылары келип жатат. Мен Шыкмаматовго каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткандан кийин  айыптап чыгышты. Тергөөчү мени 4 саат мыйзамсыз кармап отурду”, – деди ал.

Ошондой эле Юксел үй-бүлөсү дагы жок жерден эле жабыр тартып жатканын кошумчалады.

“Мен Кыргызстанга инвестиция кылып, жумуш орундарын түзүп жатам. Мага карата иш козголгондон кийин ата-энем ооруканага жатып калышты. Шыкмаматов үчүн эмнеге биз жабыр тартышыбыз керек? Бул мамлекетте мен мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин”,-деди Юксел.

Эске салсак, депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Дал ушул “Барат Люкс” фирмасынын атынан Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн келинчеги Жанара Турдакуновага тиешелүү Мерседес Бенц Элеганс автоунаасын 14 миң долларга баалап мамлекетке саткан деген кине коюлууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу