Текебаев жакында акталабы?

Кечээ жакында абактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровдор соттон акталып, эркиндикке чыгышты. Алар Атамбаевдин кезинде бийликти күч менен басып алууга аркет кылган деген айып менен көп жылга эркинен ажыратылган.

Бирок эмнегедир коомчулуктун колдоосуна ээ болгон саясатчы Текебаевдин ишин кароодо бийлик тарап анча шашылган жери жок.  Жакында эле “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жаңы кабыл алынган  кодекстердин негизинде Текебаевдин иши боюнча сотко кайрылды.

Текебаевдин үстүнөн арыз жазган орусиялык өзүн ишкер атаган эл аралык шылуун Маевский жакында эле Москвада  алдамчылык беренеси менен камакка алынган. Атамбаевдин алсыз бийлиги башка таза киши таппай калып, Маевскийге окшогон шылуунду жалдап келип Текебаев менен Чотоновду каматып тынган. Бирок чындыкты жөн эле басынтып койууга мүмкүн эмес.  Азыр болсо жаңы жагдай ачылганын баары айтышууда. Белгилүү саясатчынын иши кайрадан качан каралат? Улам кечиккен сайын коомчулукта күдүк ойлор дагы арбып баратат.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу