Адамдар өзгөчө кыш мезгилинде тамак оорусуна бат-бат кабылат. Ага кабылгандар тамакты бат айыктыруу жолун издейт.
Тамак оорусуна кабылбаш үчүн эмне кылыш керек?
-Суюктукту көбүрөөк ичүү керек
-Тамеки чегүүдөн алыс болуңуз
-Колдонулуучу идиш-аяктарды таза кармаңыз
-Үйдү желдетип, чаңдарды бат-баттан суртүп туруу кажет
-Колдонулуучу суунун түзүмү өтө ысык жана муздак болбошу керек
-Тамак оорусунун эң негизги себеби инфекциялар болуп саналат. Организмде пайда болгон вирус, инфекциялар тамактын бат-баттан оорусуна өбөлгө болот.
Адистер тамак оорудан оолак болуш үчүн, алгач иммунитетти бекемдеп, доктурлардын айткан кеңешине көңүл бөлүү керектигин айтат.
БУЛАК: zaman.kg