Таласка Айдар Жусупбеков мэр болду

Талас шаарынын мэри болуп «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштаган Айдар Жусупбеков шайланды. Бүгүнкү шайлоодо шаардык кеңештеги 31 депутаттын 24ү аны колдоду.

Айдар Жусупбеков буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болчу.

Мэр кызматына «Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Насыр Турдумамбетов өткөн жума соңунда талапкерлигин алып койгон. (AlSSE)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу