Талант Мамытов, «Республика-Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты: «Прокуратура барып-барып кадрдык таңкыстыкка тушугушу мүмкүн»

— Талант мырза, прокуратура тармагында реформалар канчалык деңгээлде ишке ашып жатат деп ойлойсуз?

— Прокуратурада албетте, биринчи кезекте жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде бир топ иш-аракеттер жүрүшү керек. Прокуратуранын негизги функциясы — мыйзамдардын өз убагында так аткарылышын көзөмөлдөө. Андай болгон соң прокуратуранын өзүндө гана эмес, башка системаларда да реформалардын жүргүзүлүшү прокуратурадан көз каранды. Ошондуктан, бул багытта ага чоң милдеттер жүктөлгөн. Азыр прокуратурада кабыл алынган мыйзамдардын негизинде «реформа жүрүп атат» деп айтканга болот, анткени, кылмыш фактылары электрондук түрүндө каттоодон өтүп, ар бири боюнча көзөмөлдөө болууда. Бул даты ошол реформалардын бир көрүнүшү деп айтаар элем. Бирок, прокуратураны мындан да оркүндөтүү керек, себеп дегенде, көп маселелер бар. Анткени, биздин бут жашоо турмушубуз мыйзамга байланьштуу. — Кийинки кездерде прокуратуранын көп ыйгарым укуктары алынып, ал алсыз болуп калды деген пикирге кошуласызбы? — Прокуратуранын ыйгарым укуктары азайган жок. Бирок, негизинен алып караганда, тергөөнү алып коюшту. Прокуратурада көзөмөл, анан сотто айыптоону колдоо функциясы калды. Тергөөнү жүргүзбөйт. Бул жагынан прокуратура алсызданды. Анткени, эки органдын ортосунда тиреш болуп калган учурларда, мисалы, каржы полициясы менен УКМКнын ортосунда болгон талаш маселени прокуратура тергөчү эле. Бүгүнкү күндө андай функция жок. Бул прокуратуранын өзүндө барып-барып кадрлардын жок болуп кетүүсүнө себеп болуп калышы мүмкүн. Анткени, кылмыш ишин тергебеген адам мыйзамды так аткара албайт, логикасын да түшүнбөйт. Азыр союз учурунан жана 90-жылдардан калган кадрлар бар. Бирок, кийин андай кадрлар калбай калышы мүмкүн. Тергөөнүн алып салынышы менен кадрдык потенциал да жок болуп кетиши ыктымал.

Керим МУРАС

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу