Сүрөт — Ырчы Арсендин жүрөгүн багындырган сулуу ким?

Өткөн жуманын соңунда ырчы Омар өзүнүн Диана аттуу сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошуп, үлпөт той берген эле. Мына ошол тойдо эл көзүнө көбүрөөк илинип, социалдык тармакта кызуу талкууга алынган сулуу ырчы Арсендин сүйүктүүсү экени бизге маалым болду. Ал эле эмес тойдо келинчектин гүлү да Арсендин сулуусуна буюрган экен. Мындан улам кезектеги той Арсен мырзада өңдөнөт деп калдык…
Эскерте кетсек, Ырчы мырзанын сүйүктүүсүнүн ысымы- Бегайым. Борборубуздагы сулуулук салондордун биринде эмгектенет.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу