Сүрөт — Бишкекте бак кулап, үч автоунааны басып калды…

Бишкектеги Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короосунда бак кулап, үч автоунааны басып калды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Түндө жааган катуу жаандан улам тамыры чирип калган бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Окуя таңга жуук болгондуктан эч ким жабыркаган жок.

Учурда окуя болгон жерде «Бишкек жашылдандыруунун» кызматкерлери иштеп жатат.

Автоунаа ээлери келтирилген чыгымын төлөп берүүнү шаардык мэриядан талап кыларын айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу