Сүрөт — Айгерим Расул кызы, ырчы: «Өз күчүм менен арыктадым. Бирок, дале өзүмө келе элекмин»

Бул жылдын эсебинен чыгармачылыкка кызуу киришип эмгектенип жаткан ырчы айым Айгерим Расул кызынын ашыкча салмактан арылып, өзгөчө келишимдүү келбетке ээ болуп калганын анын клиптеринен байкоого болот. Бул тууралуу ырчы айымга суроо салганыбызда, ал: «Өзүм эле арыктадым. Эч нерсе ичкен жокмун. Социалдык тармактар аркылуу менин сүрөттөрүмдү пайдаланып, бул компаниянын дарыларын алып ичип арыктады деп жарнамалашып элди алдып жатышат. Бирок, андай маалыматтарга ишенбеңиздер. Акырындык менен арыктоодомун. Азырынча өз калыбыма толук келе элекмин, аракеттенип жүрөм» деп билдирди.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу