Сыр жашырган адам көп жашайбы?

Бул жашоонун түгөнбөгөн сыры көп. Бирок, анын баарын адам баласы билип бүтө албайт. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, канчалаган окумуштуулар эмнелерди гана изилдеп чыгышкан жок, бирок дале изилдене элек нерсе көп.

Айткандай, жакында бир окуяны уктум, ошол окуяны сиздерге баян кылып берейин.

Тээ илгери эки киши ат менен алыс жолдон келе жатып, жолдон сабы алтынга жалатылган канжар таап алышат. Экөө ал канжарды жакшылап карап чыгышып, анан:

-Бул канжар жөн адамдын колуна жасалган эмес. Катып алып кийин керекке жаратарбыз-деп ойлошуп, бул сырды эч кимге атпайбыз-деп бири-бирине убада кылышат.

Анан жолдорун улап келе жатышса алдыларынан бир карыя чыгып, учурашкан соң минтип айтат:

-Силер жолдон канжар таап алган жоксуңарбы? –деп. Экөө баштарын чайкап “жок” деп жооп беришет. Карыя кабагын чытып:

-Мейли, жашырсаңар жашыргыла. Бирок бул сырды эми түбөлүккө жашыргандай болгула. Сыр катканды билген киши көп жашайт. Көп жашайбыз  десеңер канжар жөнүндө эч кимге ооз ачпагыла-деп айтып жолун улап кетип калат. Экөө бул айтылган сөздү да туура кабыл алышат да, анан үйлөрүнө келишет. Бирок, арадан эки күн өтпөй бирөө канжар жөнүндө теңтуштарына айтып оозунан чыгарып жиберет. Ал эми беркиниси эч сөз айтпайт. Арадан бир ай убакыт өткөндө оозунан чыгарып жиберген киши кырсыктап каза болуп калат да, берки сырды жашыра билени улуу ата мекендик согушка катышып, андан соң япон согушуна да барып аман келип, 97 жашка чыкканда каза болуптур. Муну менен эмнени айталы -дедик. Улуу Жараткан дагы сыр ката билген кишини жакшы көрөт экен. Андыктан айтылган сөздү жашырып, сыр каткандын өзү адамдык жакшы сапат экени айтылат. Сыр катканды билген кишиге жакшылыктар өзү келет. Андан дагы жасала турган ишти дагы алдына ала айтпаш керек экен, анын себеби, бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү тийип терс таасирин берээри айтылат.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу