Сыймык Бейшекеев: «Америкада биротоло жашап калуу оюмда жок…»

«Биздин иш жаңы башталды, буюрса, чоң ийгиликтер алдыда, боордошторго амандык каалап коюңуздар. Кудай кааласа сентябрь айында биздин иш-чараны колдоп, 1 ай убакытка мастер-класс өтүү үчүн СССРдин эл артисткасы Самара Токтакунова эжебиз келип чоң кара күүлөрдөн үйрөтөт.
Мекен сенин кадырың кандай бийик,
Мээримиңе балкыйм төбөм көккө тийип.
Бөздөн жумшак болсо дагы шарты мыкты,
Бөтөн жерди, коё албаймын сендей сүйүп.
Менин өлкөм мөмө сымал жаңы бышкан,
Мээрим төгүп сагынтат шагын ийип.
-Сыймык агай, Америкадагы кыргыз жарандары үчүн комуз мектебин ачуу идеясы эмнеден улам жаралды?
-Комуз мектебин ачуу идеясы мен алгачкы жолу Америкага келгенде, тагыраагы, 2013-жылы эле пайда болгон. Кыргыз балдарынын бөтөн элдин маданиятына, үрп-адатына таасирленбей, өзүбүздүн салт-санаабыз менен комуз үнүн угуп өсүшсө деп тилек кылгам. Идеямды ошол кезде кыргыз комьюнити борборунда иштеген Улук Болушев деген жигитке айтсам, «эң сонун идея, байке, качан келсеңиз колдойбуз» деп айткан эле. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип идеямды ишке ашыруунун убакты-сааты алты жылга аяк басканда чыгып отурат. Мектепти убактылуу «Сыймык Бейшекеевдин комуз, ыр үйрөтүү мектеби» деп атадык, эми расмий түрдө каттап, алгач Американын башка бардык штаттарына, анан Европанын шаарларына ачуу тилегибиз бар.

-Мугалим катары жалгыз өзүңүз эле иштейсизби? Канча окуучуңуз бар?
-Азырынча жалгыз эле үйрөтүп жатам. Виза маселеси чечилсе Кыргызстандагы профессионал комузчуларды ай сайын чакырып турабыз деген пландарыбыз бар. Учурда менин мектебимде 6 жаштан 63 жашка чейинки отуздай окуучум бар. Каалоочуларга эч кандай талаптар коюлбайт, жаш өзгөчөлүктөрү да чектелбейт, кимдин комуз үйрөнүүгө каалоосу күч болсо, бардыгына эшигибиз ачык. Окуучуларым төрт сабактан кийин эле комузду кадимкидей черте башташты. Алды төрттөн ыр-күүлөрдү үйрөнүп чертип, ырдап калышты. Орозо учурунда ооз ачарда 300 адамдын алдында чыгып чертишти, көргөндөр абдан жакшы кабыл алышты. Азырынча ар бир үйрөнүүчүгө жумасына эки жолудан сабак болуп жатат. Төлөмүн да көпчүлүк менен кеңешип, баарынын капчыгына туура келгидей кылып бул маселени чечип алганбыз. Мен дагы, алар дагы нааразы эмес.

БУЛАК: Леди.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу