Сыдыковдун мышыгын “пыш” дечүлөр табылабы?

Жемкорлорду алыстан издеп убара болбой деле койсо болот АКСтин мыкчыгерлери. Алар ак үйдө эле жадырап жайнап, жаркөптөй кайнап отурушканын силерден бөлөгүнүн баары билет.

Тилекке каршы тиштүүлөрдү куйругунан тиштеш үчүн айбаттуу, анан азуусу бекем болуш керектигин эстен чыгарбоо кажет. Болбосо доллар менен оозго урганда отуз эки тишиңе доо кетери турган иш. Ошол үчүн алсыздарды гана баса калууга жараган күч түзүмдөрүнүн билермандары көрсө да көрмөксөн болууга куштар. Бир эле мисал тартып көрөлү. Маселен, Бакыт Сыдыков деген депутатты тааныгандар барбы? Балким жөнөкөй жарандар билбеши ыктымал, бирок атка минерлер Сыдыков деген атты укканда селт этип чоочуп кетишээри анык.

Анткени убагында өлкөнү чарк айлантып жүргөн “серый кардинал” Үсөн Сыдыковдун дале болсо бир койчолук алы бар экени талашсыз. Тигил Бакыт болсо анын кара чечекей ишенген уулу. Колдо буралып жашылбайлар турганда депутат болуш эмне экен? Олигархтын тилин таап эл өкүлү болгон ушул мырзанын Манастагы менчик ишкерлик коомдорунун алкымына айына миллиондогон акчалар кирип турганы тууралуу бечаралар гана билбейт, калгандары эң сонун билип турушат.

Анткени менен “жыландын” куйругун басып албоо үчүн “чини” барлар андан оолак өтүүгө аракет кылышат. Ким эле белин ноокастатып алгысы келсин? Анын үстүнө фискалдык органдарды болсо эбак Бакиевчилер ээлеп алышкан. Айтор, жемкорлордун башында ушул Бакыт акең турат десек жөндүү болот. Кана кимиңер жекеге чыга аласыңар, чыныңарды айткылачы? Анте турган киши азырынча төрөлө элек, демек Сыдыковдордун куруп алган “пирамидасы” эч убакта кулабайт. Чынбы?

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу