Суу жүрөк Бабанов кайра келүү аракетин көрүп жатат

Бул тууралуу депутат Канат Исаев айтып чыкты. Маалым болгондой жакында эле Исаев баштаган бир катар депутаттар Москвада Бабанов менен жолуккан. Исаев: “Мен Москвага иштер менен баргам. Бабанов мага өзү чалып, жолугууну сунуштады. Мен аны менен мурун бир партияда болгонум үчүн жолуктум. Биз саясый маселеден тышкары, жеке маселелерди да талкууладык”- деп айткан. Албетте, Исаев ортодогу негизги чындыкты жашырып койду. Ал Бабановдон Атамбаевге кошулбай, Жээнбековго кошомат кылса, ага ырайым бериле турганын айтса керек…

Албетте, коомчулукта Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин каалагандарга караганда, каалабагандар арбын. Эмнеге дегенде Бабанов ушунча жылдан бери саясатта жүрүп: жеткен кошоматчы, суу жүрөк, рейдер, мансап дегенде эт-бетинен кете турган адам экенин өзүнүн ар кандай жүрүштөрү менен 200 пайызга далилдеп койду. Ал Кыргызстанга канча ирет келүү аракетин көрсө да, өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча жоопко тартылышы зарыл.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу