Сурабалдиева: айрым депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн колдойт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди. Анын айтуусунда, парламенттеги айрым депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн колдоп, алардын эркиндикте жүрүшүнө шарт түзгөн учурлар бар.

— Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш үчүн эң ириде саясий эрк керек. Эгер муну Ички иштер министрлиги мойнуна алгысы келбесе, мен ачык эле айтайын, менин парламенттеги айрым кесиптештерим кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсү кармалса же соттолсо телефон чалып, алардын эркиндикке чыгышына мүмкүнчүлүк беришет. Алар муну өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатышат. Эгер бизде саясатчылар да кылмышкерлерге кайрылып жаткан болсо, уюшкан кылмыш топтор бизде милициянын ордун ээлеп калганбы деген суроо туулат, — деди Сурабалдиева.

Ишкерлерге кылмышкерлердин көрсөткөн басымынын айланасындагы талкуу Ысык-Көлдөгү «Осьминог» кафесинде чыккан өрттөн кийин күч алган. Кафенин ижарачысы өрттүн себебин жергиликтүү кылмыш тобунан көрүп жатат. Милиция өрткө газ баллондорунун жарылышы себеп болгонун маалымдаган.

Бул маселе парламентте да каралып, депутат Элвира Сурабалдиева күч кызматтарын «ишкерлерди коргобойт» деп айыптаган. Дагы бир эл өкүлү Дастан Бекешев ишкер уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтып мурда эле милицияга кайрылганын, бирок милиция кармалгандарды камактан бошотуп жибергенин билдирген эле.

Булак: «centralasian.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу