Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплекси өрттөндү. Бул маалыматты өрт өчүрүү кызматынан “Азаттыкка” ырастады. ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай өрт тууралуу малымат түнкү саат экиде түшкөн. «Супара» этнокомплексинен чыккан өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, жетиге жакын толук өчүрүлгөн.
Өрт эмнеден чыкканы азырынча айтылган жок. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрүнө зыян келген жок.
“Супара” – байыркы кыргыз элинин маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган Кыргызстандагы этнографиялык комплекс. Этнокомплекстин архитектурасы, жасалгасы, боз үй, таш-коргон үйлөрдүн шөкөттөлүшү, конок тосуу аземи чыгач, кийиз, чийден жасалган. “Супара” – маркум Табылды Эгембердиевдин ишке ашырылган долбоору.
Булак: Азаттык