Сулайманов Атамбаевдин доо арызды кайтарашына таасир эткенин айтууда

Ишкер Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган арызын артка кайтаруу чечимин депутат Алтынбек Сулайманов менен болгон сүйлөшүүдөн киийн кабыл алды. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Урматтуу достор, менин Ыдырыс Исаков жөнүндө билдирүүмдөн кийин Жалил Атамбаев менен жолугуп сүйлөштүк. Ал кишиге “сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз” туура эмес деп түшүндүрдүм. Туура кабыл алды, бүгүн барып, доо-арызын кайтарып ала турган болду. Бул коомчулуктун жана сөз эркиндигинин жеңиши деп эсептейм“, – деп билдирүү жазган Сулайманов.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган 50 млн сомдук доо арызын артка кайтарып алганы бүгүн белгилүү болду.

Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн 29-апрелде  сотко берип,  50 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Бул коомчулукта чоң талкууга жем таштап, Ыдырыс Исаковду колдогон ар кандай акциялар, кол топтоолор башталып, медиаэксперттер талкууларды уюштурган. 

“Азаттыктын” журналисти даярдаган иликтөөдө Жалил Атамбаевден акчасын ала албай жүргөн ишкерлер, анын жакындарына катталган адамдардын ишканаларынын салыктын качуу схемалары көрсөтүлгөн. Анын айынан мамлекет казынасына ири суммадагы каражат түшпөй жатканы айтылат.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси (Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу) менен текшерилип жатат.

  • Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

БУЛАК: kalys.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу