Соода согушубу же мөөнөтү өткөн жумурткалардын курмандыгыбызбы?

Бүгүнкү күндө мамлекетке сырттан кирген азык-түлүктөр тийешелүү текшерүүдөн өтүп жатабы, деги эле алар мыйзамдуу жол менен кирүүдөбү,элибиз кандай азык менен тамактанууда? Кактын саламаттыгы үчүн ким жооп берет?Эмне себептен акыркы учурда дарттын түрү көбөйүүдө? Сапатына эмес, арзанына качырган карапайым калк күнөөлүбү же  сапатсыз,эски тамак-ашты алып кирүүгө кызыктар болгон коррупционерлерби? Мисалга алсак- бала-бакча,мектептерде   жана ар бирибиз күнүмдүк жашоодо кеңири колдонгон жумуртка тууралуу биз билбеген «кызыктарга»  токтолсок. Ар бирибиз эле чуркап барып базар-дүкөндөрдөн сатып алган жумурткалардын кайда,канай шартта өндүрүлгөнүнө маани бербейт эмеспизби. Мисалга алсак  2018-жылы өлкөнүн аймагына казакстандан аткезчилик жолу менен сактоо мөөнөтү өтүп кеткен бир канча тонна жумуртка алынып келинген. Коңшу мамлекетте таштандыга чыгарылган эски продуциялардын өлкө аймагына киргизилиши албетте жарандардын нааразычылыгын жаратпай койгон жок. Ишкерлердин айтымында контрабандалык жумурткалар бүгүнкү күндө да дүкөндөрдө сатылууда. Атайын аналитика кылганыбызда кыргызстанга коңшу казакстандан аткезчилик жолу менен кирип жаткан мөөнөтү өткөн жумурткалар сатыкта бар экенин тактай алдык. Эмне себептен алакандай Кыргызстан өзүбүздү-өзүбүз жок дегенде жумуртка менен камсыздай албайбыз деген суроо туулат. Көрсө иштин чоо-жайы башкада экен. Кыргызстан боюнча ири тоок фабрикалары жети дубанды толугу менен камсыздай алат. Алардан сырткары кичинекей фабрикалар да жок эмес. Жумуртканын сактоо мөөнөтү 21 күн, мөөнөтүнөн кийин жумуртка кургай баштайт. Казактандын супер-маркеттерине көп өлчөмдө алынып келинген жумурткалар толугу менен сатылбай калат да ошол замат бизге жөнөтүлөт. Стандарт боюнча алар жок кылынышы абзел.  А бирок ортодо тың чыкма бизнесмендер утилизацияга кетчү жумурткаларды арзан баада Кыргызстанга сатып жиберишүүдө. Чек арадан албетте аткезчилик жолу менен алынып өтөт. Ал эми мындай  кызматы үчүн тийешелүү адамдар олчойгон сумманы алаары турган кеп.  Мисалга алсак 2017-жылдын 17-февралында Акжол өткөрмө бекетинде контрабандалык жол менен өткөрүлүп жаткан бир нече тонна жумуртка жана пара алган чек ара кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. А бирок ага карабастан мындай мыйзам бузуучулук дагы деле кайталанууда. Бул тууралуу ишкерлердин оюн билүү максатында өзүбүздүн кесиптешибиз журналист,ушул жаатта жумуш алып барган жеке ишкер Эмилбек Момунов   менен баарлашканыбызда мындай деди: «Казакстанда соода  түйүндөрүнөн убактысы өткөн жумурткалар алынып салынып утилизацияга кеткенде аны бизге жөнөтүшөт. Бул албетте калктын саламаттыгына дагы чоң залакасын тийгизүүдө.  Жергиликтүү ишкерлер өндүрүлгөн жумурткаларды сата албай  миллиондогон сомдорго күйүп жатышат. Чакан ишканалар жабылуу алдында турушат. Себеби тооктордун жемин, витаминдерин чет өлкөлөрдөн кымбат  баада сатып алабыз. Анан эле товарды сатууга келгенде казактардын эски жумурткалары арзан болуп биздики өтпөй калууда».

Тоок фермерлер асоциациясы бул маселе боюнча маалымат жыйындарын өткөрүп, бир нече ирет маселе көтөрүшкөн. Мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып чек аралар катуу текшерилет деген жооп алышкан бирок ал сөз боюнча калган. Кезинде Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда да алар тез арада чечип беришээрин айтышкан. Былтыркы жылдын эсебинен болжол менен 200дөй камаз кирген, мына түшпөй калган налогдун баасы эле 40 миллионду түзөт. Эмнеге ушул нерсеге АКС,Финпол,Антимонополия көңүл бурбайт? Эмнеге укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн болуп көз жумуп отурушат? Биз бир эмес бир нече күн салык кызматы, фито-санитарияга байланышып «бизде бул тууралуу маалымат жок эле» дегенден башка жооп ала алган жокпуз. Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын официалдуу билдирүүсү боюнча 84 фура,мамлекеттик салык кызматы 11 фура,улуттук статистикалык комитет 730 фура деген 3 башка көрсөткүчтөрдү беришкен.

ЕАЭСтин алкагында коңшу мамлекеттерден азык-түлүктүн киришине тыйуу сала албайбыз а бирок эмне себептен кирип жаткан товарларды тийиштүү текшерүү жана лабораториядан өткөрүп,продукциянын сапаты текшерилбегени ойлондурат. Ал тургай товар келе электе эле белгисиз себептерден улам  тийиштүү справкалары даяр болуп калаары белгилүү болду. Ушундай соода согушу көп тескери,мамлекеттик көзөмөлгө алынбаган, коррупциялык  иштерге жол ачып берип жергиликтүү ишкерлерге залакасын тийгизип жатканы өкүнүчтүү.  Элибиз мигрант болуп чет жака кетпесин,жергиликтүү завод-фабрикалар иштеп, айыл-чарба өндүрүшүн колго алалы деген депутат-министрлердин сөзү ак үйдөгү жыйын залынан чыкпай калууда. Мындай темп менен кетсек, жогору жактагыларыбыз кайдыгер мамиле кылып чек арада ар ким өз билген намазын окуй берсе жергиликтүү тоок фабрикаларынын иши токтоору талашсыз. Анан албетте канчалаган жумуш орундары жоюлат.

Бул темада кеп козгогон соң жергиликтүү тоок фабрикаларынын иши менен жакындан таанышып, кандай шатта өндүрүлүп жатканы, канча адам иштейт, өндүрүлгөн жумурткаларды сатууда кандай кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын билүү үчүн Сокулук районунда жайгашкан Аккуу тоок фабрикасына барып, анын жетекчиси Нургүл Малабаеванын  оюн уктук.

Бүгүнкү күндө тоокторго жемди казакстандан, ал эми витаминдерди германиядан сатып алабыз. Ал эми жүгөрү менен буудайды жарым жыл өзүбүздөн жырым жыл Казакстандан алабыз. Анын жол кире акысы,Ндс болуп атып суммасы асман чапчып кетет. Ошого карабастан жумушчуларыбыз ишсиз калбасын деп болгон аракетибизди көрүүдөбүз. Биздеги эң чоң көйгөй бул жумурткаларды сатуу болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө биздин рынокто сатылып жаткан жумурткалардын 50-60 пайызы казакстандан контрабанда жолу менен алынып келинген жумурткалар.  Сырттан контрабандалык  жол менен кирген жумурткалар мамлекетке эч кандай пайда алып келбей эле,бирөөнүн чөнтөгүнө түшүүдө. Алардын баасы биздикинен өз баасынан да арзан. Себеби  Казакстана соода түйүндөр оголе көп. Аларга түшкөн жумурткаларды сата албай калган соң, фабрикалар кайра кайтарып алып жок кылбай ортодогу тыңдар чогултуп  Кыргызстанга арзан сатып жиберишет, албетте сактоо мөөнөтү өтүп кеткен үчүн. Жарандарыбыз да жумуртка сатып алууда анын сыртындагы мөөрүнө көңүл бурушу кажет. Мисалы Кыргызстанда өндүрүлгөн ар бир жумурткада фабриканын аты жана чыгарылган күнү басылган мөөр болот. Ал эми контрабандалык жол менен алыны келингендерде жок. Мына ушундай жол менен өзүбүздүн ден-соолугубузга кам көрүшүбүз кажет. Бизде ветеринардык врачтар иштейт жумурткалар жумасына бир жолу текшерилип,айына бир жолу санэпидемстанцияга жиберилип лабораториядан өткөрүлөт. Президент,премьер-министрден суранарыбыз биздин маселени чечип беришсе.

Ал эми Садовое айылындагы тоок фабрикасынын жетекчиси Эдил макешов төмөнкүлөрдү билдирди;

Биз учурда 70кишини жумуш менен камсыз кылабыз.Бирок акыркы учурдагы тоскоолдуктар ишибизге ыңгайсыздык жаратууда. Бул суроону бир нече ирет көтөргөнбүз, ата-мекендик өндүрүшүбүз болгон тоок ишканасын коргоп келебиз. Чындыгында бажы биримдигинде мыйзам чегинде болбой жатат.Дегеним Россия,Казакстандан мыйзамсыз кирүүлөр орун алууда. Дагы бир маселе аталган өлкөлөрдө ата мекендик өндүрүштү мамлекет колдоого алган,ошого байланыштуу ал жакта жемдерге  жана витаминдерге  баалар дагы төмөн.

Тоок фермерлер асоциасынын өкүлү Рустам Осмоналиев  бизге курган маегинде мындай деп билдирет;Мурда бизге ЕАЭСтин алкагына кирген өлкөлөрдөн жумурткаларды киргизишсе,бүгүнкү күндө түндүккө казакстандан,ал эми түштүккө өзбекстан мамлекеттеринен мыйзамсыз түрдө жумурткаларды алып киришүүдө. Бул маселе боюнча өзүбүз дагы бир нече ире чек араларга барып күбө болдук андан сырткары жакында эле өзбекстан менен кыргызстандын чек арасына барып аткезчиликтин үстүнөн чыктык. Ал жерден 45 минутанын ичинде колго ташып эле 1 портер машина толо  же75 миң даана жумуртканы  бейкапар алып өтүшөт экен. Ушундай мыйзамсыз иштерге мамлекет жакшылап көңүл бурса жакшы болот эле.

   

Аида Исманова

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу