Саясаттын ыргагы, Наримандын штабы

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев экс-президент Атамбаевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, аны “аймак аралык кастыкты козутуп жатат” деп айыптады.

“Фейсбуктагы” баракчасына Түлеев Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн штаб түзгөнүн жарыялап, буга саясий күчтөрдү кошулууга чакырды.

“Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт. Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлиги үчүн эмеспиз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышы үчүн гана, штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталат. Атамбаевдин катачылыгын далилдөө үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат. Биз колубузга Конституцияны жана кодекстерди гана кармап, анын тарапташтарын мыйзам чегинде аракет кылууга чакырабыз. Азыркы учурда аны эч ким чакырган жок, камоого аракет кылган жок, эгер керек болсо суракка алууну каалашса ал тергөө органдарына башка жарандар сыяктуу эле келиши керек жана өз көрсөтмөлөрүн бериши керек. Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Чоң масштабдагы саясатчы катары өзүн көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек”, – деп жазды ал.

Нариман Түлеев штаб “Мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча элдик штаб” деп аталаарын айтып, жөө жүрүшү жакынкы күндөрү өтөрүн белгиледи. Ал жүрүштөн кийин Атамбаевдин үйүнүн жанында мөөнөтсүз митингдер да болорун кошумчалады.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу