Сариев Сурабалдиевага байланыштуу жагдайды юрист менен кеңешерин айтты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев өзүнүн дарегине Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева айткан кебин токтотпосо, жагдайды юрист менен кеңешерин билдирди. Мындай пикирин ал 12-февралда Бишкекте журналисттерге уюштурган брифингде айтты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Сариев Сурабалдиеванын «атам өлгөндөн кийин анын мүлкүн тартып алууга аракеттенген» деген дооматын буга чейин да четке каккан.

Элвира Сурабалдиева «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» атту теледолбоорундагы маегинде 2005-жылдагы март окуясынан кийин ошол кезде бийликке жакын адамдар, анын ичинде Темир Сариев коркутуп-үркүтүп, атасынын бизнесин тартып алууга аракет кылганын айткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу