Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаевдин камактагы мүлкүнүн суммасы ооз ачырат

Бишкек ТЭЦинин оңдолушу боюнча козголгон кылмыш ишине айыпталгандардын камактагы мал-мүлкүнүн жалпы суммасы болгон 413 миллион 885 миң 392 сомду түзөт.

 Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жыйын учурунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айыпталгандарга карата кандай кылмыш иштери козголгонун жана алардын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасын айтты.

Ага ылайык, мурдагы премьер Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри, депутат Осмонбек Артыкбаевге, анын мурдагы орун басары Айбек Калиевге, «Электр станциялары» ААКтын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго, анын орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ААКтын аткаруучу директору, модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкуловго КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүмү жана 303-берененин 2-бөлүмү («Коррупцияны аткарууда шериктештик кылуу») боюнча, ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лавровага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен айыптары угузулуп, бөгөт коюу чаралары тандалган.

Андан сырткары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпкерлерге таандык болгон 413 миллион 885 миң 392 сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө камак коюлган.

Айыпталгандардын камакка алынган мал-мүлкүнүн көлөмү төмөнкүдөй:

Сапар Исаков — 1 миллион 801 миң 833 сом;

Жанторо Сатыбалдиев — 44 миллион 394 594 сом;

Осмонбек Артыкбаев— 259 миллион 953 миң 278 сом;

Айбек Калиев — 19 миллион 573 миң 310 сом;

Салайдин Авазов — 67 миллион 846 миң 570 сом;

Жолдошбек Назаров — 1 миллион 782 миң сом;

TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек — 18 миллион 537 миң 200 сом.

Депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурор берген тизмеде мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасы жазылбаганын айтып: «Эмнеге бардыгын бирдей шартта карабайсыңар?» — деп Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Ал өз кезегинде Лавровага тийиштүү мүлктөр конфискацияланганын, тергөө иштери бардыгына тегиз бирдей жүрүп жатканын айтты.

Булак:sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу