Сапаргүл Абдинабиева: «Ыйлабайсыз, айтпайсыз…. Мен ушундан корком, ата!»

Сапаргүл Абдинабиева кайын атасына арналган жүрөктү элжиреткен пост жазып, уулу Уландын жоктогонунан тарта, атанын орду, күйүтү тууралуу кенен чагылдырып берген.

«Билем ата, азыр сизге ушул менин чакан, эч нерсеге арзыбаган белегимдин ордуна, алыста болсо да бир чалып, «Ата, туулган күнүң менен!» деген уулуңуздун 3 секунддук сөзү, телефон артындагы дем алуусу алда канча баалуу болчу. Мейли куттуктабай да койсун, мейли унутуп да калсын, мейли адатынча бошобой шашып жүргөн болсун, акыры жер басып жүргөнү чын болсо жетиштүү эле сизге. Бирок реалдуулук башка болгону өкүндүрөт.

Улан бизди таштап кеткени өңүңүз кубарып, арыктап кеттиңиз. Аял адам бардык күйүтүн ыйдан чыгарат окшобойбу? Апам экөөбүз буркурап ыйлап жүрдүк. Далай көз жаштар көл болду… А Сиз болсо дайыма бир калыптасыз. Ыйлабайсыз, айтпайсыз… Мен ушундан корком, ата! Унчукпооңуздун артында эмне деген күйүт, от жатканы белгисиз эч кимге.

От демекчи, жакын эжемдин жазгандарын эстеп кеттим…

«Баарыбызга кичине кезибизде От менен ойнобо дечү улуулар. А биз жашырынып ойночубуз. Отундун башын күйгүзүп алып, бири-бирибизге жарык берип ойночубуз. Тийип кетсе күйүп калат деп коркчу да эмес экенбиз. Бирок ал от такыр башка. Ал эми адамдын ичине от түшкөн кезди белесизби?»,- дейт ал. Эң туура суроо бул. Көптөр билбестир. Бирок мен ичке түшкөн оттун кандай жалындуу экенин көрдүм. Тийген жериң оюп кеткенин көрдүм. Кызыгы, ал отту суу менен өчүрө албайсың, кол менен кармап баса албайсың, башка бирөө жардамга келип да токтото албайт. Ал бир башкача ОТ. Жалбырттайт, уланат…. Денеңдин ар бир клеткасын күйгүзөт. Ошондо да өчпөйт. Чок болуп тура берет, күн сайын миң жалындап, муунтуп туруп басаңдайт.

Дал ушул мен сезген ОТ сиздин ичиңизди да куйкалап, көз алдымда күйгүзүп жатканын көрдүм, Ата. Куткара албай жатканыма ызаландым канча жолу. Колумдан келсе ошол оттон баарыбызды сууруп чыкмакмын. Куткарып алмакмын. Бирок ага эч кимдин күчү жетпеши ырас.

Айла канча? Менин азыр билгеним, от менен кошо «кул» болбошубуз керек биз. Айрыкча сиз. Небериниздин жакшылыктарында төрдө туруп, ак бата берчү сиз! Бизге насаат айтып, жол көрсөтчү сиз! Андыктан оорубашыңыз керек. Сиз мен билген эң жакшы адамдардын катарындасыз! Көзүңүзгө карап, көп сөз айткым келет. Тартынам… Жадакалса сүрөткө да тарта албадым. Пайгамбар жашыңыз кут болсун, ата!»- дейт Сапаргүл өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу