Самара Каримова, ырчы: «Жаңы ырларды жаттабай калсам жолдошум урушат»

-Жакында эле Алтайдан келди окшойт.

-Буга чейин Алтайга Барууну ниет кылып жүрчүмүн. Ушул жылга буюрган экен, досторубуздун чыкыруусу менен барып келдик. Табияты, жаратылышы укмуш кооз экен. Кийик, маралдарынын арасында жүрүп, өзүмдү жомоктун каарманындай сездим. Ал жакка клипмейкер Эрнист Сыдыковду ала баргам. “Менин атам  жакшы адам” деген ырга клип тарта келдик. Буюрса, ал клип монтаждалып жатат. Алтайдан Новосибирскке барып бир күн концерт бердим.  Орозо экенине карабай мекендештерим келип колдоп кетишти. Ошол жерден 3-4 кат келди. Катта “Гүлжигит Сатыбековдун “Москва” деген ырын ырдап бериңизчи” деп жазылыптыр. Чынында мен ал ырды угуп жүрчүмүн, бирок текстин билбейт элем, тилекке каршы, мекендештердин суранычын аткара алаган жокмун. Ошондон улам авторунан упуксат алып, ырлы репертуарыма  кошуп алууну туура көрдүм. Жакында ушул ырга да күбө боло аласыздар.

-Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

-Жыл башынан бери эле талыкпай иштеп келе жатам. Эргүү келгенде чиймелеп ыр жазып калам, кээде обон да чыгарам. Келекчекте өзүм жазган ырларды аткарып калышым мүмкүн. Ибрагим Жунусовдун “Издебечи” деген ырын алып, аранжировка жасатып, клип да тарттырдык. Жакында күйөрмандарым көрө алышат.  Өзүңөр билгендей, атам чыгармачыл адам, чоң атам да убагында агартуу иштерине активдүү катышыптыр. Ошол инсандар тууралуу китеп жазсамбы деген да ойлор бар. Буга чейин тасмаларга көп эле сунуш түшкөн, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тартылчуу эмесмин. Бирок жакында жолдошумдун уруксаты менен тасмага тартылдым. Бул менин кино тармагындагы дебютум болду. Кандай аткардым, аны эл чечет. Негизгиси мага абадан жакты, мен чн чоң дүйнө ачылгандай болду.

-Оштон Бишкекке тез-тез каттайсың, борбордо да үй-жай барбы?

-Ооба, тез-тез каттайбыз, көнүп жа калдык. Чыгармачылыкты эки жакта уланткан адамга чын эле үй керек. Буга чейин Бишкекиен үй алалы деп акча  чогултуп жаттык эле, бирок пландар өзгөрүп, айылда дарыянын жээгине кафе салып жатабыз. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул ишти соңуна чыгарып алсак, анан борбордон үй алабыз деп ниет кылуудабыз.

-Бишкекке биротоло көчүп келүү планыңда жокпу?

-Ар нерсени ойлогон жокпуз. Азыр Ошто туруп деле чыгармачылыкта көп ийгилик жаратып жатам. Эгер адам чын дилинен берилип, чыгармачылыкка баш-оту менен сүңгүп кирсе, кайсы жерде жашабасын ийгилик жарата алат. Ошто үй-жайыбыз , тууган-урук бар. Өзүм дагы Оштогу Улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенем.

 

 -Чет өлкөгө тойлорго кандай шартта барасың?

-Акыркы учурда Орусиядагы мекендештерибиздин тойлоруна көп барып жүрөм. Чек ара ачылганы Өзбекстанга да чакыруулар күч алды. Ал жакка белгилүү, чыгаан адамдардын да тоюна барып турам. Чогу ырдайлы, иштешели деген сунуштар көп. Сөздүн ачыгы, концерттен пайда түйшпөйт. Ошондуктан тойго кайсыл жакка чакырбасын, баш тартпайбыз. Чакыруунун баасы сүйлөшүүгө жараша.

-Жолдошуң Асан мырзага  жолукпасаң ушундай ийгиликти багынтышың мүмкүн беле?

-Ачыгын айтыш керек, чыныда менин чыгармачылыгымда ал кишинин салымы чоң. Ал менин биринчи продюсерим, менеджерим. Өзү да жаш кезинен чыгармачыл адамдарга жардам берип, колдоо көрсөтүп, концерттерди уюштуруп, топ түзүп, чыгармачылыкка аралашып келет. Музыкалык да билими бар. Аскеге турмушка чыкканым – менин жеңишим. Ыр тандоодо да кеңештерин берет, аранжировкаларды да өзү жасатат. Жолдошумдун ушундай аракети менен аз убакыттын ичинде элге алынып кеттим. Күйөрмандарым мага бата беришкенде сөзсүз жолдошумду кошуп бата беришет. Мага ушунчалык жагымдуу. Алдыда экөөбүздүн көптөгөн ой-максаттарыбыз бар. Ал киши болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эмесмин.

 

-Ал киши сенден көп жаш улуу эмеспи, жолдошуңдун чийип берген жолу менен жүрөсүңбү?

-Ооба, Аскем менден 23 жаш улуу. Ошондонбу, ортобузда сый бар. Үйлөнгөнүбүзгө 7 жылдан ашса дагы уруш боло элек. Анткени мен аны улуу деп дайыма сыйлап, эч касан каяша айтпайм. Ар бир үйдө күндүн чыкканы, батканы, чагылгандын чартылдашы ар кандай болот эмеспи. Бизде баары сыйда өтөт. Эгер менин кемчиликтеримди байкап калса, урушпай сөз менен айтып түшүндүрөт. Үй тиричилиги боюнча арыз түшө элек. Кемчиликтерим  деле чыгармачылыкка байланыштуу. Жаңы ырларды жаттабай калсам урушат. Ыр чыгарышым керек деп эле  3-4 аптада жаздыра салбайм, жылдап иштейм. Ошондуктан жолдошумдун берген кеңеши, чийип берген жолу мен үчүн абдан маанилүү.

 

-Балдар мектепке барып калдыбы?

-Улуу балам Барсбек мектептин даярдоо курсуна, кичүүлөрү бала бакчага барат. Жолдошумдун улуу баласы биздин колубузда. Учурда студент, Оштогу окуу жайлардын биринде окуйт. Мамилебиз жакшы, мени эже дейт.

БУЛАК: СУПЕР  ИНФО 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу