Самара Каримова наам алган

Ошол күндөн ушул күнгө чейин Самара айым наам алды беле деп деп баары эле сурап калышат. Чындыгында бул маалымат бир аз элдин оюн бөлүп койгон. Анткени Министрлик Самара Каримовага наам ыйгарылышын билбейбиз уккан жокпуз деп жооп кайтарышкан эле. Андан көп өтпөй эле коомчулукка «наамы кайтарылып алынды» деген маалымат тараган. Анткени Алмазбек Атамбаев ардактуу наамды ыйгарып жатканда Асандын эркеси эл көзүнө чалынган эмес. Ошондо эл  «чындап наамы кайтарылган турбайбы» деп калышты эле. Көрсө андай эмес экен. Кечээ жакында эле Оштун чүрөгү өзүнүн инста баракчасына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамды сүрөткө тартып жүктөгөн эле.

 

Эми кандай болгон учурда да алды. Чыгармачылыгына ийгилик коштоп коелу. Кандайдыр бир деңгээлде стимул берип анын андан да көбүрөөк иштеп, чыгармачылыгын өркүндөтүүсүнө күч берсин.

БУЛАК: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу