РУСТАМ МАМАНОВ: “МУНУ УЛУТТУН ТРАГЕДИЯСЫ ДЕБЕГЕНДЕ ЭМНЕ ДЕЙБИЗ?..”

-Рустам Ырысбаевич, 2010-жылдын 7-апрелинде болгон революцияны күбѳсү катары айтыңызчы. Мына ошол күнү каза болгон балдардын соту эмне үчүн аягына чыкпай келет. Бийлик колуңуздарда. Же акыйкатты айтуу кыйын болуп атабы?

-Бир нерсени басса белгилеп айтып койгум келет, мен ал убакта республикабыздын түштүк аймагында болчумун. Ошол мезгилде түштүктө абал аябай курч болчу. «Кан төгүүлөр болуп кетеби» деген кооптонуулар да бар эле. Ушундай оор кырдаалда мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин коопсуздугун сактоо, ар бир эле кыргыздын уулу катары менин да милдетим болчу. Биз өз милдетибизди так аткарып, ошол коогалаңды тынчтык жолу менен элдин жардамына таянып бир тамчы кан төктүрбөй, чечкенге жетишкенбиз.

Ал эми апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан мыйзамдуу териштирүүлөр тууралуу айта турган болсок, мамлекетибизде сот бутагы көз карандысыздыкка ээ.

Бул боюнча баш мыйзамда бакыйып жазылып турат. Ошондуктан 7-апрелде каза болгон балдардын соту эмне үчүн аягына чыкпай жатат, бул суроого сот органдары жооп берүүсү керек. Алар бул маселени канчалык деңгээлде акыйкатуу карашат, бул соттордун абийиринде.

-Азыркы учурда коррупцияга карышы күрөш жүрүп жатат деп айтуудабыз. Айтсаңыз кайсы адамды сот «коррупционер» деп тапты? А соттун чечими жок эч ким, эч кимди «коррупционер» деп атоого акысы жок да. Сиздин оюңуз?

-Коррупцияга каршы күрөш 7-апрелде революция болсо, 8-апрелде башталышы керек болчу. Мына ошондо система тазаланып, өлкөдө эл күткөн өзгөрүү болмок. Бирок, такыр эле болбой калганга караганда, кеч болсо да башталганы жакшы саамалык.

Жокко караганда жогору дегендей. Бирок бул күрөштүн аягы кандай аяктайт, уланабы же ушу менен токтоп калабы, бул азырынча баарыбызга табышмак. Бул нерсенин жыйынтыгын мезгил таразалап, убакыт көргөзөт.

Ал эми соттун чечими жок бирөөнү «коррупционер» деп атоого болбойт. Буга мыйзам да жол бербейт.

-Жакында 1916-жылдагы Үркүн окуясына 100 жыл толду. Сиздин жеке бул окуяга болгон бааңыз кандай?

-Үркүн- азыркы учурдун термини менен айтсак, бул чыныгы гуманитардык катастрофа деп  биздин окмуштуулар, тарыхчылар туура айтып жүрүшөт.. Чындыгында эле тарых барактарын аңтара турган болсок, мындай оор, канча деген кыргыздын канына забын болгон каргашалуу окуя, кыргыз элинин гана эмес  дүйнө тарыхынын эң эле кайгылуу барактарынан.

 Анткени 170 миңдей   адамдын курман болушу   биздин гана эмес  жалпы эле Борбордук Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис кандуу окуя болуп саналат.

Буга жөнөкөй эле мисал, канча деген деген жаш наристелер бешиктен бели чыкпай жатып, бир ууч талканга сатылып, кул деген атка ээ болсо, канча деген карыларыбыз, энелер урпактарынан айрылып, канча деген кыргыздын сөөгү жерге көмүлбөй ара жолдо, ай талаада калып кетти. Муну улуттун трагедиясы дебегенде эмне дейбиз?

Мен, үркүндү улуттук көтөрүлүш катары гана эмес, кыргыз улуттунун трагедиясы, аза-муңу, кыргыздын кылым көтөрө албас кайгысы деп кабыл алуу керек деп ойлойм. Ал эми саясий жагынан алып карай турган болсок, өкүнүчтүү, анткени бул окуяга биз азыркыга чейин саясий баа бере элекбиз.

-Кээ бир адамдар үркүн окуясынын келип чыгышын изилдөө, Россия мамлекети менен болгон мамлебизди солгундатат деп айтышат. Сиздин оюңуз?

-Үркүн окуясына Совет өкмөтү дагы Орто Азия улуттарынын орус калкына болгон мамилеси өзгөрүп кетеби, орус элине болгон жек көрүү күчөп кетеби деген кооптонуулардан улам бул окуяга абдан этият, аяр мамиле жасаган. Ошондуктан да үркүн окуясы кылдаат изилденбей, изилденсе дагы ошол мезгилде тарыхый баасын жетишерлик деңгээлде алган жок деп ойлойм. Ооба, эгемендүүлүктү алгандан кийин бир топ алгылыктуу иштер, жылыштар болду, бирок аягына чыккан жокбуз.

Мен ойлойм, биз өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондуктан, кыргыз элинин тарыхына байланыштуу маселелерди бурмалабай так айтууга үйрөнүшүбүз зарыл. Үркүн маселесин көтөрсөк эле Россия менен мамилебиз салкындап, алакабыз үзүлүп калат деген чолок ойлуу адамдарга такыр түшүнбөйм.

Тарыхты саясатташтыруунун өзү күнөө. Ошондуктан үркүн окуясын саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейм.  Бул маселени көтөрүү менен биз Россияны же орус элин күнөөлөп жаткан жерибиз жок,  биз болгону эле тарыхты тактап, улуу кыргынга өз баабызды берели деген ойду айткыбыз келип жатат.

Мына акыйкатты туу туткан орус элинин уулу Ф. Керенский Самарканга чейин келип, үркүндүн себептерин, кесепеттерин изилдеп, Мамлекеттик думада аябагандай чоң доклад жасаган. Орус либерал-демократтары да бул маселеге көңүл кош калбай Родичев, Шингарев сыяктуу кадыр-барктуу эл өкүлдөрү Думанын залында “Позор!” деп кыйкырып, ак падышаны кылмышкер катары айыптап чыккандарын баарыбызга маалым.

Орус элинин окмуштуулары, депутаттары бул окуяга акыйкат баа берип, үркүн маселесин  Кремилде, Мамлекеттик Думада көтөрүп атса, а эмне үчүн биз чындыкты айткандан коркобуз? Бул тарых аны эч убакта жашырууга болбойт.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу