Руслан Акун: «Кыялдарымды айтып классташтарыма күлкү болчумун…»

“Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп”, “Көк-Бөрү”…бул режиссердун тарткан ар бир эмгегин эл күтүп көрөт. Жаш болсо да кино жаатында бир топ ийгиликти жараткан маектешибиз “мен ийгиликке күчтүү командам менен жетем” деген оюн баса белгилейт. Учурда эки өлкөдө жашап аткан режиссер бала кезиндеги кыялына кандай кыйынчылык менен жеткенин айтып берди.

-Руслан, сизди мурда шаарда өсүп чоңойгон, АКШга билим алууга жиберген бай үй-бүлөдөн чыккан адам болсо керек деп ойлочумун?
-(Күлүп) Мен Нарын шаарында өсүп чоңойгом. Атам инженер-механик, апам медицина тармагында иштейт. Үйдө төрт бир туугандын улуусумун. Иним, эки карындашым бар. Ата-энем жумушка кеткенде алардын түйшүгү мага түшчү. Тамак жасаганды бала кезимен үйрөндүм. Эркелик эмне экенин деле жакшы билген жокмун, тескерисинче жоопкерчиликти өздөштүрдүм. 90-жылдары эл менен кошо биз да үй-бүлөбүз менен кыйналдык. Кошуналардан карызга буудай сурап, тегирменге алып барган күндөрүм эсимде. Кара нан жеп эле чоңойгон баламын. Апам Көлдөн болот. Жайында бизди ал жакка жөнөтчү. 10 сааттан ашык жол жүрүп, бензиндин жытынан жүрөгүм айланып кыйналчумун. Катардагы эле карапайым үй-бүлөдөн чыгып, көп кыйынчылык тартып бүгүнкү күндөгү ийгиликке жеттим.

-Бала кезде эле режиссёр болом дечү белеңиз?
-Бала кезимде ким гана болгум келген жок! Бир туруп учкуч болом десем, кайра доктур болгум келет. Кийин актёр болом деп чечтим. Өткөндө 5-класстагы жазган анкетамды таап алдым. «Ким болгуң келет?» деген жерге «режиссёр» деп жазыптырмын. Демек, бул кесип тууралуу ошол кезде эле кабарым бар экен.Негизи мектепте окуп жүргөндө классташтарыма кыялдарымды айтып күлкү болуп эле жүрчүмүн.Америкага барам десем күлүштү, режиссёр болуп кино тартам десем дагы кыраан-каткырык болушкан.Бир классташ кызым 9-класста окуп атканда Америкага барып келиптир.Ал барган жерге мен эмнеге бара албайм деп ошондон тартып англис тилин жакшы окуп, алдыма так максат койдум.Бир чети классташтарыма кыялдар орундаларын далилдегим келген.

-Ал кыялыңыз ата-энеңиздин колдоосун таптыбы?
-Жок, ата-энем олуттуу кесипти аркалашымды каалашты.Алардын чечими менен Арабаев атындагы окуу жайга келип экономика факультетине тапшыргам. Бирок эки жыл окугандан кийин бул кесип меники эмес экенин түшүндүм дагы Борбордук Азиядагы Америка университетине журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Журналистика мага актерлук, режиссерлук кесипке жакындай туюлган. Кийин Түштүк Калифорния университетинде кино тармагында окугум келе баштады. Эмнеси болсо да тапшырып көрөйүн деп документтерди жибергем, багым бар экен өтүп кеттим. Бирок окуу акысы өтө эле кымбат болчу. Биздикиндей бюджет деген ал жакта жок. Федералдык насыя менен окушат. Ал деген өлкөнүн эсебинен 20 жылга насыя алып окуп, кийин окууну буткөндө иштеп төлөп бересиң дегенди түшүндүрөт. Бирок ал насыя чет элдик студенттерге берилбейт экен. Эсептесем окуума жылына 40 миң доллар кетет. Андан тышкары батирдин акысы бар. Эмне кылаарымды билбей калдым. Көп адамдардан жардам сурап кайрылдым. Арасынан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов кол сунду. Ошентип анын колдоосу менен бул жактан окуумду ийгиликтүү бүттүм. Америкага келгенде көп кыйынчылык тарттым, бул жакка жумушка орношуу да оңой эмес. Ар бир тамактануучу жайдын эшигин каккылап атып акырында официант болуп орноштум. Окуум менен жумушту бирдей алып кетүүгө туура келген.

-Сиз тарткан фильмдердин продюсери Нурбек Айбашов менен кандайча таанышып, иштешип калдыңыз?
-Нурбек менен 23 жашымда таанышкам. Мен Америкада официант болуп, ал эт комбинатында иштеп жүрчү. Кийин ал Кыргызстанга келип ишкерлик менен алектенип калды, мен режиссёрлук кесип боюнча окуумду уланттым. Биринчи тарткан тасмам “Бишкек, мен сени сүйөм” болду. Ал кинону көргөнү келип кийинки долбоорум кандай экенине кызыгып калды. “Салам, Нью-Йоркту” тартарымды укканда ал да кызыгып калды. Кинодо Нурбек экөөбүздүн тең тагдырларыбыз камтылган. Анткени АКШга жаңы барган жылдары экөөбүз тең окуунун, батирдин акысын төлөш үчүн күнү-түнү эс албай иштечүбүз.

-Сиздин тарткан фильмдериңизге оңой каражат кетпесин билебиз. Ошончо каражатты көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болсо чоң эле ишкер го. Кайсы тармакта эмгектенет?
-Төрт тасманы тең Нурбек каржылаган. Ооба, чоң эле ишкер. Бир эле учурда үч тармакта ишкерлик кылат. Нурбек каражат эле бөлүп берип тим болбостон, бүт уюштуруу иштери анын мойнунда. Актёрлор менен келишим түзөт, кино тартылып бүткөндөн кийин аны жайылтуу, жарнамалоо милдетин да толугу менен өзүнө алган. Тасманы каржылоодо көп бюджет короп аткандыктан компаниялардын көбү эле кызматташууга макул болбойт. Кээде айрым ишкерлер бюджеттин ондон бир бөлүгүн каржылаган учур болот.

-Ортоңуздарда расмий келишим барбы?
-Жок, бири-бирибизди көптөн бери тааныйбыз. Достук, жигиттик келишим гана бар.

-Чет элдик актёрлорду кайдан таап, алар менен кандай шартта иштешесиз?
-Чет элдик актерлордун сайттары болот. Ошол сайттан бизге ылайыктуу актёрлорду тандап алып кастингге чакырабыз. Эгер кастингден өтүп, шарттары туура келсе келишимдин негизинде иштешебиз. Ушу күнгө чейин Кудайга шүгүр, бир да актёр биздин долбоордон баш тарткан эмес.

-Кийинки долбооруңузга да даярдыктар башталгандыр, ал кандай болмокчу?
-Азыркы тапта “Салам, Европа” деген кинонун сценарийинин үстүндө иштеп атабыз. Буюрса сентябрь айынан баштап Европанын төрт мамлекетинде кино тартабыз.

-Учурда кайсы жакта жашап атасыз?
-Менин дүйнө жүзү боюнча жакшы көргөн эки шаарым бар. Бири — Бишкек, экинчиси — Нью-Йорк. Учурда ушул эки шаарда жашап атам. Мен мекен менен чет жакты мындай салыштырат элем: Биз бала кезде атамдардын алыскы туугандарына шаарга келчүбүз. Бүт шарты бар кабат үйдө турчубуз. Алар бизге бардык нерсени сатып берип эркелетишчү. Бирок баары бир Нарындагы үйүмдү, чаң баскан көчөлөрдү, ата-энемди сагына берчүмүн. Азыр да ошондой, Америкада бүт шартың бар, жашооң ойдогудай. Бирок туугандарды, мекениңди сагынып жашайсың. Бул жакка келгенде биринчи эле ата-энеме барабыз. Апамдын колунан чай ичип сагынычымды таратканда кадимкидей эс ала түшөм.

-Жубайыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
-Негизи жеке жашоомду жарыя кылганды каалабайм. Келинчегим Каныкей күчтүү, билимдүү, адамкерчиликтүү адам экенин баса белгилей алам. Бир убакта мага апам “күчтүү аял алгандан коркпош керек, аял күчтүү болсо ошондой балдарды төрөп берет” деген болчу. Азыр аялымды карап отуруп ошол сөздөрдү эстейм. Эки балабыз бар. Уулум Элхан тогуз жашта, кызым Ариетта төрт жашта.

-Балдарыңызга кандай атасыз?
-Жакшы ата болгонго аракет кылып келем. Кино тартууга кеткенде аларды кадимкидей сагынып калам. Азыр балдардын башы интернеттен чыкпай атпайбы. Ушундан улам дем алыш күндү “телефонсуз күн” деп жарыялап алганбыз. Бул күнү тоого чыгабыз, көл жээгине барабыз. Кыскасы болушунча жаратылыштын койнунда эс алганга аракеттенебиз. Жогоруда бала кезимен тамак жасаганды үйрөнгөм дебедимби. Ылайыгы келгенде палоо басып, шишкебек жасап эркелетип турам.

БУЛАК: Леди.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу