Роза Рымбаева продюсер Баян Алагөзовага эмнеге нааразы?

Казактын белгилүү ырчысы Роза Рымбаева жана казактын белиглүү  продюсери Баян Алагөзөва экөөсүнүн ортосунда келишпестиктер болгонун мамилелери суук экенин экенин  Казакстандагы ММКлардын бири жазып чыккан.

Ал эми ырчы Роза Рымбаевага ушул туурасында сурашканда ал төмөнкүчө жооп айткан:

“Мындай маалымат кайдан чыкканын билбейм, Баян экөөбүз эч качан урушкан эмеспиз. Чындыгында экөөбүз өтө жакын да мамиледе эмеспиз. Балким экөөбүздүн ортобуздагы салкын мамилебизден улам ошондой көрүнүп жаткан чыгаар”,- дейт ырчы айым.

Бирок, ырчы Роза Рымбаева продюсер Баян Алагөзова жолуккан жерден учурашпай, тескери басып кетээрин айтты:

“Анын энесиндей жашта болсом да, ал көңүлү түшкөндө кээде учурашып калат, кээде мени көрсө да тескери басып кетет, саламдашпайт. Жаштардын көбүндө ушундай адепсиздик бар. Бул маданиятынын жоктугу. Биз Казак эстрадасынын атасы менен энеси болуп калдык. Бир ишчарага барганда Баян Алагөзова бир сааттан ашык кечигип келгендиктен, мен аны ушунча убакыт күткөн элем. Ошондон кийин Баян тууралуу жагымсыз сезим калган. Бирок экөөбүз урушкан эмеспиз, ал менин теңим эмес, мен анын теңи эмесмин”- дейт Роза Рымбаева.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу