Ренат Самудинов АКШда камакка алынган

Ренат Самудинов жана жубайы Элнура Молдокадырованын АКШда убактылуу кармалуучу жайда экендигин Тышкы иштер министрлиги ырастады. Алардын маалыматында, Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова 18-октябрда кармалышкан. АКШнын Иммиграциялык кызматы кыргыз жарандарында өлкөгө кирүүгө визасы жок болгондугун жана саясий башпаанек сурашканын билдирди. Учурда алар убактылуу кармалуучу жайда жана Кыргызстандын элчиги менен байланышкан эмес. Эми Ренат жубайы экөөнүн Америкада жашоону самаган кыялдары ишке ашабы же максаттары ойрондолуп артка кайтарылабы белгисиз. Анткени чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн эркиндигинен ажыроо коркунучу да бар. Саясий куугунтук болуп, качканга аргасыз болдук деген жасалма документ топтоп, башпаанек сураганга келгенбиз деп эле бир нерсе кылышпаса. Бирок андай нерсени Кыргызстанда кылса болот, ал фокусу Америкага өтөөр бекен?

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу