Райымбек Матраимов Атамбаевдин убагында чоң иш-чара өткөрүп жүргөнбү?

Кече жакында эле Ош облусунун Кара-Суу районунда «Исмаил Матраимов» атындагы фондунey уюштуруусундагы спорттук иш-чара өтүп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бир катар депутаттар барып келишкени коомчулукта бир топ уу-дуу кеп жаратты. Экс-президент А. Атамбаевдин маалыматчылары аны алып-учуруп «Мынакей депутаттардын баары «Раим миллиондун» тоюнда жүрүшөт, азыркы бийлик Матраимовдорду коргоп атат» деген маанайдагы коомдук пикир түзүүгө аракет кылышты.

Биз албетте Раим Матраимовду коргогубуз келбейт. Анын мүлктөрүн учурда тиешелүү мамлекеттик органдар текшерип атканы белгилүү. Эгерде анын буга чейинки ишмердүүлүгүнөн мыйзам бузган жагдайлар табылса, анда мыйзам алдында жооп берет.

Болгону биздин айтайын дегенибиз бул, Матраимовдор жакында эле өткөргөндөй спорттук, майрамдык иш-чараны жылына уюштуруп келишет. Жылына эле ага аттуу-баштуу депутаттар, чиновниктер да барат. Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде ушундай эле иш-чаралар өткөн. Мисалы, ошол иш-чаралардын бир жолкусунда Темир Сариев өкмөт башчысы катары барып, сөз сүйлөп, анан ал кездеги мамлекет башчысы А. Атамбаевдин берип жиберген мамлекеттик сыйлыктарын тапшырып кайткан. Ошондо да Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, министрлер барышкан болчу. Эгерде бул иш-чарага жасалган мамиле тууралуу кеп кыла турган болсок, анда акыйкаттык үчүн ушул Атамбаевдин убагындагы кезин да эске алыш керек.

Дагы бир жолу кайталайлы, Раим Матраимов кандайдыр бир мыйзамдарды бузган болсо, жооп бериши керек. Ал эми ал өткөргөн иш-чара тууралуу, ага кимдердин катышканы боюнча кеп кыларда өткөн чакты да бир кылчайып карап коюу керек деген маалыматты Чалкан сайты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу