Раиса Атамбаева профсоюздардын санаториясына көз артканбы?

Бул жерде мыйзамдуу ишмердик жүргүзүү эбак унут калган. “Таанышың болсо танкасың” демекчи, Федерациянын төрагалыгына Асанакунов Мирбек Аскерович 2017-жылдын 16-январында шайлангандан бери бул мекемеде ыйкытыйкылар токтобой уланып келет. М.Асанакуновдун бул кызматка шайланышын мыйзамсыз деп эсептеген КПФнын мүчөлөрү бир нече ирет жогорку бийликке, укук коргоо органдарына кайрылышкан, бирок майнап чыккан эмес.

Башкы прокуратурага жана Финансы полициясына жазылган арыздардын баарысы мурдагы башкы прокурор И.Жолдубаева жана анын орун басары Б.Казаков тарабынан стол тартмасына катылса, КР президенти менен ЖК спикерине жолдонгон кайрылуулардын жолун Ф.Ниязов бууп турган. Асанакуновдун таянаар тоосу ошончолук эле күчтүү болгонбу? Көрсө, Мирбек Аскеровичтин өмүрлүк жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Г.Молдобекова экс-президент А.Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаеванын жакын санаалашы болгондугу эми билинип отурат. Г.Молдобекова кымбат баалуу буюмдар түрүндөгү белек-бечкектерди жана акча берүү менен мурдагы биринчи айымдын ишеничине кирген экен.

Ал турсун Федерациянын карамагандагы “Ысык-Көл” санаторийин да Раиса айымга берүүнү убада кылганы айтылууда. Бизге белгилүү болгон маалыматтар боюнча Р.Атамбаеванын жана экс-вице-премьер-министр Ч.Султанбекованын тикелей колдоосу менен Федерация жетекчилигине М.Асанакунов сунушталып, Федерация кеңешинин мүчөлөрү аны Төрагалык кызматка шайлоого мажбур болушкан.

Деген менен үстүбүздөгү жылдын 31-январында Федерация төрагасынын орун басары – Өнөр жай, коммуналдыктиричилик чарба кызматкерлеринин жана ишкерлердин профсоюз уюмдарынын Борбордук комитетинин башкы техникалык инспектору Тыныстанов Эдил Боталиевичтин доо арызы боюнча жарандык ишти караган сот отуруму өтүп, Биринчи май райондук соту Федерация кеңешинин 2017-жылдын 16-январындагы М.Асанакуновду Төрагалыкка шайлоо жөнүндө токтомун жараксыз деп таап, доогердин пайдасына 700 (жети жүз) сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми М.Асанакунов Биринчи Май райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна тосмо арыз менен кайрылган жайы бар. Сот кандай чечим чыгараарын коро жатаарбыз…

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу