Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров Атамбаевдин эшигин сагалап калдыбы?

Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров ажолуктан кеткенден кийин өзү айтмакчы ыр жазып, саякаттоонун ордуна учурда коңулда жатып алып, бийликке каршы ар кандай пландарды түзүп жаткан Алмазбек Атамбаев менен мындан ары бирге болобуз деп анын кабылдамасында болуп, макулдашып чыгышкан экен.

Равшан менен Азимбектин Атамбаевдин короосунда “оттоп” калышына эмне себеп болгон дебейсиңерби? Атамбаев бул экөөнүн “псевдоппозициялык” ишин жакшылап каржылап жаткан экен. Кийин бийликти колго алабыз деген умуту барбы? анда бири премьер, экинчиси генпрокурор болобуз деген кыялдары барбы?
Демократия, парламентаризм, АКШ деп эл көзүнө калп эле төшүн каккан Равшан Жээнбековдун революциялардын шаңы жана каны менен байыганды адат кылып алган “Бекназавр” менен бир короодо “оттоп” жүргөнү, болгондо да кечээ башынан аягына чейин жугунду куюп жүргөн Атамбаевге жүгүнүп кызмат кылгандары таптакыр принцип менен бет калбай калгандыктын далили. Таң калбай деле калдык…

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу