Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү

2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу