Президент Калиловду кызматтан четтетип турууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп жатып, Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалган жагдай тууралуу пикирин билдирди. Ал министрдин орун басары ири суммадага пара менен колго түшкөндүгү уят иш болгондугун айтып, министрди тергөө бүткөнчө кызматтан четтетүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын аткаминерлеринин мындай жоругу өлкөнү дүйнөгө уят кылганына ачууланды.

Эске салсак, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Ал 50 миң доллар алып жатканда кармалган.

Коомчулук жана эксперттер бул маселеде министрдин да өкмөт башчынын да жоопкерчилиги каралышы керектигин айтууда.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу