Президент Жээнбеков өзүнүн программалык кодун жазды (видео)

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик администрацияда иштеген кызматкерлер үчүн өткөн “Код сааты” акциясына катышты. “Сорос-Кыргызстан” фонду кабарлагандай, мамлекет башчы өзүнүн жеке программалык кодун жазды. Ал аталган акциянын катышуучуларына кайрылып, өлкөдөгү ар бир бала санариптик келечекке даяр болушу керек экенин билдирди.

“Жасалма интеллект, виртуалдуу чындык жана башка келечектин технологиялары биздин колубузда”, — деген Жээнбеков.

“Сорос-Кыргызстан” фонду жана Кыргызстандагы информатиктер бирикмеси “Код сааты” глобалдык акциясын төртүнчү жолу өткөрүп жатат. Анын алкагында 4-10-декабрь күндөрү өлкө аймагында адистер жаштарга компьютердик программалоо ыкмаларын бекер үйрөтүшөт. Жыйындар мектептерде жана китепканаларда уюштурулат.

«Код сааты» — компьютер программалары боюнча кесипке жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Ага үгүттөө иштерине Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Шакира жана башка атактуулар катышып келүүдө. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да «Код саатына» катышууга жаштарды чакырган саясатчылардын бири.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу