Президент: ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын жеңишин каалайм

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешинин алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады. Команда катышкан ар бир беттеш күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда футболчуларыбыз бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир беттеш турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу оюн болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана жеңиш каалайм!», – деди мамлекет башчы.

Сүрөт: Спутник

  • Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 2019-жылдын 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет. Эртеңки оюнда Кыргызстан Филиппинди ири эсепте утса, кийинки баскычка чыгат.
  • Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия биринчилигине катышып жатат

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу