Парламенттик шайлоодо канча партия өтөт?

Акыркы күндүн негизги суроолорунун бирине: “2020-жылкы парламенттик шайлоодо канча партия өтүшү мүмкүн?”- деген собол  коомчулуктун көңүлүн  бурууда. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы маалымат жыйынында шайлоо мыйзамдары өзгөрө тургандыгын жар салган эле.  Аймактык жана республикалык босого пайызы 9 жетет деген ойду  кыйыткан. Эгер чындап эле босого 9пайызга жетсе,  анда далай партиянын шору катты. Ансыз деле кыйынмын деген бир топ партиялар 5 пайыздык тосмодон өтпөй калышкан. Биздин оюбузча шайлоо алдындагы партиялардын биригиши кайрадан башталчудай болуп турат. Ошондо деле  парламентке өтчү партиялардын саны 3 же  4 партия болот деген божомолдор көп айтылууда.  Кайсы партиялар көп аталууда?

Биринчи топ бийликтин жаңы түзүлчү партиясы

Экинчи топ Ата-мекендин тегерегинде бириге турган партиялар. Текебаевдин рейтингинин көтөрүлүшү буга себеп болууда дешет.

Үчүнчү топ күчтүү болушу мүмкүн дешүүдө.  Ал топко негизинен капчыктуу олигархтар кирет деген имиш көп айтылууда.

Ал эми КСДПнын тагдыры азырынча көпчүлүк үчүн белгисиз болууда.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу