Осмонова: мигранттар боюнча жаңы демилге көйгөйдү чечпейт

«Москва KG» гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова мигранттарды депортациялоо боюнча жаңы мыйзам Россия үчүн гана пайдалуу болорун белгиледи.

Россиядагы мигранттарды депортациялоо боюнча жаңы демилге көйгөйдү чечпейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине «Москва KG» гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова билдирди.

Эске сала кетсек, Россиянын Ички иштер министрлиги иштеп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жеңил-желпи кылмыш жасаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылбайт. Болгону пилициянын коштоосунда билет сатып алып, келген өлкөсүнө кетет. Демилгечилердин айтымында, мындай ыкма депортацияга караганда кыйла жеңил жана ыңгайлуу. Анткени чет элдиктер убактылуу кармоочу жайларда жумалап кармалбайт. Мыйзам долбооруна ылайык, Россияга кирүүгө салынган тыюунун мөөнөтү дагы кыскарат.

«Демилге эч нерсени өзгөртө албайт. Ал күчүнө кирээри менен убактылуу кармоочу жайда жаткан мигранттар дароо билет алып, учуп кетет деген туура эмес. Мисалы, кармоо учурунда башка фамилия айткандар, маалыматты тактаганча отурат. Ал үчүн көп убакыт кетет», — деди Осмонова.

Ал буга чейин эле депортация болгон мигранттар өз чөнтөгүнөн билет сатып алып, Кыргызстанга жөнөтүлүп келгенин кошумчалады.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу