Осмонбек Артыкбаев Атамбаевге жолугушууга барбады.

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаевди тоготпой койдубу же сагызгандай сактанып арамзааландыбы, жолугушууга барбай койду. ТЭЦти жаңылоо боюнча башына кара булут айланып, алапайын таппай турган неме мант берди окшойт. Бирок Артыкбаев Атамбаевдин аркасы менен үлкөн кызматтарды аркалап чалчаңдаганын эсинен чыгарып койгону кызык. Арийне 2010-жылдын 7-апрелине чейин Артыкбаев оппозициянын катарында болгон эмес. Максим Бакиевдин кысымына чыдабай, бизнесин сактап калыш үчүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мандатын таштай качкан. Анан эле «кайда болсоң анда бол, аш бышканда пайда бол» деп, революциядан кийин энергетика министри, экотехинспекциясынын башчысы, «Кыргызалтындын» жетекчиси сыяктуу жалаң май-талкандуу кызматтарды басып жыгылды. Учурда бир кезде таштап кеткен КСДП фракциясынын мандатын алып, Жогорку Кецештин депутаты болуп манчыркап отурат. Ушунун баары Атамбаевдин аркасы менен болгонун эстегиси келбегени чатак.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу