ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Орусиянын Иркутск облусунда жашаган Кыргызстан жараны дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 19-майда күзөт кызматына 1995-жылы туулган Рахман кызы Айзирек атуу Кыргызстан жараны үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу арыз келип түшкөн.

Кыздын бою 155-160 см, чачы кара жана узун, кой көз.

Ошол күнү Айзирек көк түстөгү жоолук салынып, күңүрт жашыл түстөгү куртка, кара кофта, кара юбка, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Документтерин жана уюлдук телефонун жанына салып алган.

Бул жаранды көрүп, билгендер болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюну суранышат: (3952) 21 69 40, 89246387400, 21 64 64 же 02.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу