Нигериялык жарандын өлүмү боюнча баары ачыкталды…

Милиция Бишкекте нигериялык жаран кабылган окуянын күбөсүн суракка алды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25 жаштагы кыз кылмышка шектелип жаткан адам менен ошол учурда телефондон видео аркылуу сүйлөшкөнү анык экенин айтып берген.

Кыздын көрсөтмөсүнө караганда, шектүү адам телефонго чет өлкөлүктү эмес, “Айчүрөк” дүкөнүн тартып жаткан жана чырга себепчи болгон эмес.

Окуя 2-июлда “Айчүрөк” соода борборунун кире беришинде болгон. Интернетте тараган видеодон Нигериянын 34 жаштагы жараны, «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар бир адамдын соккусунан жерге кулаганын көрүүгө болот. Кийин ал өзүнө келбей ооруканада каза болгон

Шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал милицияга Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айткан. Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

БУЛАК: azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу