Неля Нуркулова: «Бардык нерсени жакшылыкка жоруш керек»

Ырчы Неля Нуркулова өзүнүн күйөрмандарына ар дайым кызыктуу постторду бөлүшүп келет. Жакында эле жубайы Урмат Усенов экөө ооруп жаткан Калыс Ишенбаев аттуу баланын ал-абалын сурап барышып, көпчүлүк элдин ыраазычылыгын алышты. Бул ирет да ырчы окрмандарга жакшы пикирин бөлүштү.

“Буйруса, деген сөз азыр оозумдан түшпөйт. Себеби, бир кезде баратам деген жериме барбай, болот деген ишим болбой калган учурлар көп болгон. Көрсө, бул ааламда эч нерсе кокусунан болуп калган жок бардыгы Алланын буйругу менен экен. Кээде ишке ашпай, же тилекке каршы болбой калган нерселерге, кейип, башыбыз катып отуруп калабыз, бирок бардык нерсени жакшыга жоруп, үмүтүбүздү үзбөй, жашообузду мындан ары жакшы нукка салып жашаш керек. Буйруса, бардыгы жакшы болот”,-деп жазды ырчы.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу