Назира Бердигулова жолдошу менен таарынышып кеткен…

Кыргызстанда керме каштуу, бакыраң көз, ак куудай болгон алып баруучу, киноактриса кыздарыбыз оголе көп. Алардын катарын толуктаган, “Мен сүйгөн карагат” кинотасмасы менен элге таанылган Назира Бердигулованы алсак болот.

Так ушул Бердигулова өзүнүн Фейсбук баракчасына, “Жашоо ар кандай… Сабр…” деген сөздү жазып өзүнүн сүрөтүн койгон. Аты бар адамдардын артынан ар кандай сөздөр ээрчип, алардын сүрөттөрүнө сын-пикирлер айтыла берет эмеспи. Эл арасындагы айың сөздөргө таянсак, Назира Бердигулова күйөөсү менен учурда таарынышып кеткен. Бул маалыматты тактоо үчүн өзү менен байланышка чыга албадык.

Эске сала кетсек, Назира Бердигулова жакында эле уулдуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу