Назира Айтбекова: «Эркекке бул нерсе абдан жагат»

Менин баамымда аялдар (жены) бир нече түргө бөлүнөт. Бул жеке пикирим. Кошулсаңар да, кошулбасаңар да болот. Эч кимге таңуулабайм.

1. Апа — аял.

Мындай аялдар күйөгө тийгенде күйөсүнө «апа» болуп алат . Өтө кам көрүп, «Кайда жүрдүң, эмне кылдың, курсагың токпу, жылуу кийиндиңби, байпагыңды кийип чык» ж.б.деп чарк айланып, күйөгө тийиштүү көп жумушту моюнуна оодарып алат. Аны күчтүү сезгенге жол бербейт. Ал дагы улуу баласы болуп алып, көбүрөөк эркелеп, жөлөнүп, ыңгайлашып алат дагы, сырттан кумарын, көңүлүн, көзүн кандырчу аял издей баштайт.

2. Кокетка аял.

Ал аял эркелегенди билет, алсыз, өзүн биринчи коет жана «Алып кел», «Сатып бер», «Жасап бер» ж. б. дей алат. Чуркатат, шайын оодарат. Эркекке бул нерсе абдан жагат. Өзүн күчтүү, керектүү сезет. Оңой үйдөгү бар нерседен тажай баштаган эркектин жаныбардык инстинкти ойгонуп, курмандыгын куугусу келет. Кууп, жеткени кызыктуу көрүнөт. Бул топтогулар көбүнчө «токол», » экинчи аялы», «ойношу» болот.

3. Партнер аял

Ал аял бийликти тең бөлүшкөндү жактырат. Тең тайлаш иштейт. Карьера жасайт. Акчаны эриндей табат. Оңой мн моюн сунбайт. Өзүнүн укугун мыкты коргойт.

4. Башкарма аял.

Эрин көзү мн башкарган аял бул. Моралдык жактан күчтүү аял. Муну мн катар назиктиги, эркелиги жоюлат. Эри кыйшайса эле өпкөсүн үзүп кое алат. Кайын журтту өзү тейлейт. Эч кимди » кың » дедирбейт.

5. Алсыз аял.

Көп таяк жейт. Укугун коргогонду билбейт. Иштебейт. Моралдык, материалдык, физикалык жактан күйөөсүнөн көз каранды. Маңдайга жазган ушул экен деп жашайт. «Жертва» болгон жагат.

Идеалдуу болуш үчүн баарын коктейль кылып салыш керек!

Назира Айтбекова

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу