Назира Айтбекова: «Кийин турмуш курган соң, «свежий» эрим менен өпкөм көөп мактангым келип калса…»

Белгилүү теле алып баруучу, жүзүнөн күлкү кетпеген кыргыздын шайыр кызы Назира Айтбекова позитивдүү маанайы менен ар-дайым көңүл чордонунда. Акыркы учурларда социалдык тармактарда өз ой-пикирлери менен байма-бай бөлүшүп келет. Бул жолу да Фейсбук баракчасына кызыктуу ары маанилүү билдирүүсүн жазып калтырган:

-Кийин турмуш курган соң, «свежий» эрим менен өпкөм көөп мактангым келип калса, кокусчу, журналистер баш болуп, күйөрмандар төш болуп, — Айтбекова, тим эле койчу! Эриңди көргүбүз деле келген жоооок, — деп жаа бою качкылачы э? Кыздар күйөлөрүн мактап баштаса эле мактабай турсаңчы дегим келе берет. Өзүнчө эле «переживайт» кылып! Жалаяктай жая бербей жеке жашоо жашыруун болуш керек экен да! Бакыт тынчтыкты сүйөт тура. Эми мына тийгени атам, тийдим, тийип бүттүм дебей — этпей эле акырыыыыын эле тийип койбосом эмкисин. (жөн эле ойлор) — деп жазат Айтбекова.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу