Назира Айтбекова, алып баруучу: «Эми –эми жетилип, сүйүүгө даяр болдум деп ойлойм»

Коомчулуктун назарын тынымсыз өзүнө буруп турган кыргыз шоу бизнесинин өкүлдөрүнүн сап башында турган, тагыраак айтканда алып баруучулардын алдыңкы катарын ээлеген тайманбас, ачык мүнөз, позитүвдүү, турмушта өтө жөнөкөй бир кыз бар. Ал Айтбекова Назира. Алып баруучу дарегине айтылган сындарды туура кабыл алат жана чычалап кетпей мойнуна алат. Коомчулукка тегиз жагуу кыйын эмеспи, айрымдары анын мындай сапатын жактырышпаса,  айрымдары позитивдүүлүгүнө баа берет. Акыркы учурдагы анын жеке турмушундагы өзгөрүүлөрдөн кийин социалдык тармактарда ал тууралуу түрдүү пикирлер айтылганы айтылган. Назира айым да өзүнүн ички туюмдары, сезимдери тууралуу баракчаларына тынымсыз жазып, каттталуучуларын, күйөрмандарын зериктирбейт. Мындан сырткары алып баруучу өтө таланттуу актриса экендигин “Эл эмне дейт” долбоорундагы түрдүү образдарды жараткандыгы менен далилдей алды. Эмесе көп кырдуу талант ээси менен кызыктуу маек курдук эле, назар салыңыздар. -Назира, коомчулук канча талкууга алган сайын жаңыланып, жаңы образ менен чыгып жатканыңызга баа бердим. Мындай эрк адатта айымдарда азыраак. Сиз кайдан мындай энергия аласыз? Эрктүүлүк кимден берилген сапат? -Кичинемден эле жетем деген максатыма, тилегиме жеткен, беттегенимди бербеген көк беттигим бар болчу. Мүнөзүм эле ошол го дейм. Турмуш деле өз салымын кошот экен. Улам-улам кайрап,курчутуп турган. Отума май тамызып жалбыратып күйгүзүп, бирде намыстантып, бирде шыктандырып жетелеп, өзү жетектеп чуркатып жатат. Баарына ыраазымын. Кыйын күндөрүм менин тажрыйбайм. Жаратканымдын колдоосун сезем. Жалгыз кыз деп жандап жүрөт дайым. -Уулуңуз турмушуңуздагы өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алды. Деги эле балдарга ата-эненин турмушундагы өзгөрүүнү кантип туура түшүндүрүү керек? -Уулум өзгөрүүлөрдү оңой кабыл алышы үчүн бүт салымымды коштум. Ыңгайлуу үйдө жашап, көңүлүнө жаккан мектепке орноштуруп, көңүлү менен болдум. Ыйымды көрсөтүп,  бирөөнү жамандап бырылдап олтурсам баламдын ичине жек көрүү таарыныч бүтмөк. Таштанды сезмек. Ал сезимдер бүткөн соң, тагдырына доо кетмек. Чоңдордун эки ажырымга түшүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин түшүндүрдүм. Бул жагдайда утулган эч ким жок экенин,  баарыбыз бактылуу экенибизди көрсөттүм. Уулумдун келечеги,  бактысы үчүн күчтүү болдум. Эч нерсени билгизген жокмун. Бул сыноодон татыктуу өтө алдым окшойт. Өзүмө ыраазымын. Азыр балам бактылуу болуп күлкүсү чыгып турат. Бир эле үйдүн эмес, эки үйдүн тең эркеси!. Бул мен үчүн маанилүү! -Курбу деп эсептелип жүргөнү менен тымызын ичи таарып жүргөн адамдарды көп эле байкасаңыз керек? -Жашоомдо эки жолу курбу күттүм. Мектепте окуп жүргөндө, анан жогорку окуу жайда. Бүт дүйнөмдү салып, барды -жокту унутуп, берилип дос болот экенмин. Мектептеги досторум дос болгусу келбей калганда бир жума ыйлап жаттым. Мектепке барбай койдум. Экинчисинде бир жыл каттуу ооруп жатып калдым. Кыздан курбу күтө албайт окшойм деп ойлоп калдым. Кыз кишилер өтө эмоционалдуу келишет экен. Эркектер менен оңой экен дос болгон. Алар эркек,  мен кыз болгон үчүн аяшат, колдошот ийгиликке жетсем кубанышат. Алар менен ар кандай темада сүйлөшсө болот. Кызыктуу айтоор баш оорусу жок. Менден улуу курбу эжелерим бар. Алар акылдуу болуп, турмушту көргөнү үчүн эмоцияга алдырышпайт. Акыл берип турушат. Негизи эле өзүм тең жаштагылар менен сүйлөшө албайм. Айланамдагылардын баары эле улуулар экен. -Виртуалдуу жашоого басым жасап жүрүп реалдуу барлашуудан алыстап бараткандайбыз. Социалдык тармактардан баш тартып, тынч жашоо тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле же баш тарта албайсызбы? -Виртуалдуу дүйнө абдан арбап алды. Интернеттен сүрөттөрүн көрүп, Аа жакшы жүрүптүр. Аман экен деп коёсуң да, ток пейил жүрө бересиң. Сагынбайсың. Реалдуу жашоону колдон алып коет экен. Виртуалдууну таштай албайм го. Жумушумдун  баары ошол жерде. Элге отчет берем, сырдашам. Журналисттер менен байланышам. Кесиптештерим ушул жактан табышат. Мунсуз эл адамы жүрүшү кыйын. Тек гана контролдоп, убакытты чектеп киргенди билишибиз керек. Өтө эле көз каранды адамдарга кирбейм. Ишимди бүтүрүп балама да, апама да , досторума да көңүл болгөндү билем. -Коомчулукту иренжитүү өтө тез, жагуу өтө татаал эмеспи. Иренжитип албас үчүн кооптоносузбу же тобокелге көбүрөөк саласызбы? -Ортодо ичке чек бар. Ошол  чекти сезе билишибиз керек. Иренжиткен абалга жеткирбеш үчүн акылың, тажрыйбаң,  көрөгөчтүгүң сезгичтигиң керек. Эл адамы эл менен энергия алашып турат. Алардан келген толкундан эле баардыгы билинип турат. Элден келген толкун мен үчүн индикатор. -Саясатка кызыгасызбы? Балким олуттуу кызмат сунуштаса эмне кылат элеңиз? -Саясатка кызыкпайм. Өзгөчө учурда кызыгуум такыр жок. «Фейсбукту» ачсаң эле бирин-бири сайып-сатып жатышат. Кир дүйнөнү жан дүйнөм каалабай турат. Аттап өтөм. Саясатсыз эле элге көмөгүм тие алат. Олуттуу кызмат сунуштап  эле жүрүшөт. Баш тартып келгем, баш тарта берем. Ал дүйнөдөн ырахат албайм. Өзүмдүн чыгармачылыгымдагы ырахатым мен үчүн маанилүү. -Чыныгы сүйүүгө кабылдым деп ойлойсузбу? -Чын сүйүүгө кабылдым деп ойлогом. Адашып алгам деп жатам. Анализ жасап көрсөм көңүл калуу го жөн эле. Же өзүмдү ошентип соротуп жатамбы айтоор. Бирок келечектен үмүтүм зор. Укмуш бир кинодогудай тарыхымды,  тагдырымды  кооз сүрөтүн тартчу,  жакшы изин  калтырчу, мени бактылуу кылчуу өмүр бою менин жанымда, жадымымда калуучу сүйүү келет деп күтүп,  ишенип жатам. Сүйүүнү деле билген жокмун да. Бир бала сөз айтса тийип кете бердим. Баскан жокмун. Чокума билемби анан сүйүүнү. Эми –эми жетилип, сүйүүгө даяр болдум деп ойлойм. -Акын Ш.Дүйшеев агабыздын “Тозок болду  Дүйшеев болуш” деген ыры бар эмеспи. Анын сыңарындай Айтбекова болуш да бир топ түйшүккө салса керек? -Айтбекова болуштун тозогунан бейишин көбүрөөк көрөм. Тозоктун да бейишин көрө билүү кажет жашоодо. Болбосо күл болуп, күйүп кетесиң. Элдин сүйүүсү, урматы батасы жакшы сөзү мени укмуш көкөлөтөт. Сугарылам. Ал тургай жаман жазган адамдын да мага көнүл бөлүүсү, убактысын  кетириши да маанилүү! Кайсы ишти бүтүрүүнү кааласам колумдан кошо талашып бүтурүп беришет. Дароо таанып,сый көрсөтүшөт. Жеңилдик көп. Белек –бечкек көп келет. Абдан бактылуумун. Жашоом, Айтбекова болуп төрөлүп калышым чоң бакыт! Мындан артыгы барбы? -Тамадалык кылып каласыз. Аялдар элди башкара алабайт, тойду башкара албайт дегендерге айтаар жообуңуз? — Жалгыз көп чыга бербейм. Жанымда жандаган мырзалар болгону үчүн мага оңой, жеңил.  Жалгыз алып барганга мойнум жар бербейт. Мен отурган тойдо аял кишинин жетектешин каалабайт элем. Тамадалык эркек адамга жарашчуудай сезилет. Коңур үн адамды ойготот. Эркектин карааны, сүрү бар дегендей жаныңда аны кооздогон кооз сүйлөп кооз кийинген айымды көргүм келет. Кардар катары. Ошон үчүн жалгыз чыкпайм. БУЛАК: ФАБУЛА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу